// //

Жатын моюнчасынын рагы – белги бербей келе турган оору

2020.06.03, 10:55
5820

Статистика көрсөтүп тургандай жатын моюнчасынын рагынан айыгып кетүү мүмкүн, эгер өз маалында диагноз коюлуп, туура дарылануу жүргүзүлсө. Жатын моюнчасынын рагынын диагностикасы жана дарылануу жолдоруу тууралуу С.Б.Данияров атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Институттун Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу бөлүмүнүн Онкология, гематология, нур диагностикасы жана терапия кафедрасынын жетекчиси, Улуттук онкология борборунун Гинекология бөлүмүнүн улуу илимий кызматкери Алмаз Бейшембаев айтып берди.

Жатын моюнчасынын рагын аныктоо үчүн кандай анализдерди тапшыруу керек?

Биринчи кезекте, жатын моюнчасынын онкоцитологиялык изилдөөсү жүргүзүлөт. Жатын моюнчасынын эпителийин алуу процесси жөнөкөй, ага болгону бир нече мүнөт кетет. Андан кийин клеткалар микроскоп менен изилденет, андагы өзгөрүүлөргө баа берилет.

Андан тышкары гистологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, УЗИге, компьютердик томографияга түшүү зарыл.

Бул дарт кантип дарыланат?

Жатын моюнчасын дарылоо көптөгөн факторлордон көз каранды. Негизи үч ыкмасы бар:

  • хирургиялык;
  • нур терапиясы (лучевая);
  • химия терапия.

Адатта бул ыкмаларды айкалаштырып дарылашат.

Стадиясы кантип аныкталат?

Бул илдеттин оордугун көрсөтүп турган 4 стадия бар. Алар рак клеткаларынын жайылып кетүүсүнө жараша аныкталат. Башында жатын моюнчасында рак боло турган (предраковые) клеткалар пайда болот, убакытттын өтүшү менен ал шишикке айланат. Кийин жатын моюнчасынын сыртына чыгат. Төртүнчү стадиясына келгенде коңшу турган органдарды да жабыркатат.

Дарылануу ыкмалары жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз?

Жогоруда айтып кеткендей үч жолу бар: хирургиялык, нур терапиясы жана химиотерапия.

  1. Хирургиялык

Хирургиялык дарылоо эң кеңири тараган ыкма. Ал залалдуу клеткалар жатын моюнчасынын өзүндө болгон учурда жүргүзүлөт.

Оперативдик кийлигишүүнүн да үч негизги ыкмасы бар:

  • Жатын моюнчасын, аны курчап турган ткандарды, жыныс кынынын үстүнкү бөлүгүн алып салуу. Жатынга тийбейт.
  • Жатын моюнчасын, жатын менен кошо алып салуу. Оорунун стадиясына жараша жумуртка бездер, жатын түтүкчөлөрү алынат.
  • Жатын моюнчасынын рагын хирургиялык дарылоо. Мында жатын моюнчасы, жумуртка бездер, табарсык, жатын, жатын түтүкчөлөрү, жоон ичеги алынат.
  • Оорунун рецидив болушу, башкача айтканда кайра кайтып келгенде, операция сунушталат.

Жатын моюнчасын алып салынганда радиациялык терапия сунушталышы мүмкүн.

  1. Нур терапиясы

Мында ракты жок кылуу үчүн жогорку энергетикалуу нурлар (высокоэнергетические лучи) колдонулат. Онкологиянын баштапкы стадияларында радиациялык терапия колдонулушу мүмкүн. Ал эми акыркы стадияда нур терапиясын химиотерапиясы менен айкалыштырышат.

  1. Химия терапия

Бул ыкмада ракты жок кылуу же азайтуу үчүн атайын дарылар колдонулат. Иче турган дары түрүндө же кан тамырга сайыла турган препараттар түрүндө болушу мүмкүн. Кээде экөө тең жасалат.

Адатта залалдуу шишик аныкталганда, оору рецидив болгондо же дененин башка органдарына өтүп метастазалары бар шишик болгондо сунушталат.

Химия терапия илдетти жеңилдетүү же анын өрчүшүн жайлатууга багытталат.

Жатын моюнчасынын рагы аныкталган бейтаптарга химия терапия нур терапиясы менен катар дайындалат.

Бул дартты алдын алуу үчүн кандай чараларды көрүү керек?

Эң негизгиси –  жылына бир жолу гинекологго көрүнүп, медициналык текшерүүдөн өтүп туруу. Өз убагында аныкталган рактан толугу менен сакайып кетсе болот. Баштапкы стадиясында дарыланып баштаган бейтаптардын 70%ы  ооруну жеңип чыгышат.

Андан тышкары көрүлө турган чаралар:

  • туш келди жыныстык катнаштардан баш тарткыла;
  • презервативди ар дайым жана туура колдонгула. Бул каражат кош бойлуулуктан, жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулардан жана АИВден (ВИЧ) сактайт.

Урматтуу айымдар өзүңөрдүн ден соолугуңарга жоопкерчиликтүү мамиле жасагыла!

Рак оорусунун себеби, белгилери жана алдын алуу жолдору тууралуу бул жерден окусаңыз болот:

Гинеколог: Кыргызстанда жыл сайын 500гө жакын аялга ушул диагноз коюлат

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт