Салттуу кытай медицинасы. Кандай ооруларды айыктырат?
2018.11.28, 15:08
3922
Кытай медицинасы - элдик медицинанын өнүккөн жана белгилүү түрү. Кытай медицинасынын негизи, байыркы кытай маданияты менен салтынан, кытай цивилизациясынын жетишкендиктеринен башталат.
Кытай медицинасы адамдын организмин бир бүтүн деп карайт, ден-соолук организмдеги энергия балансынан көз каранды деп эсептейт. Жалпылап айтканда, көңүлдү дарылоого эмес, алдын алууга бурат.
Кытай медицинасы үчүн дарыгер - дени сак жашоого үйрөткөн насаатчы. Бүгүнкү күндө кытай медицинасы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан расмий түрдө таанылган.
Түз эфирибиздин коногу, салттуу кытай медицинасынын дарыгери Мурсалим Кубанычбеков бул байыркы медицина тууралуу кененирээк айтып берет.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.