// //

Жалпы республикалык тестирлөөгө кантип даярданса болот? Адис жооп берет

2020.05.05, 12:49
5158

Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү Чынара Батракеева окурмандардын жалпы республикалык тестирлөө тууралуу суроолоруна жооп берди. 

Быйыл ЖРТ качан өтөт?

Быйыл жалпы республикалык тестке каттоо 4-майдан 15-майга чейин жүрөт. Тестирлөөнүн өзү 21-22-июнь күндөрү өтөт. Бул үчүн бөлмөлөрдүн ичи дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат.

Курстарга бара албай калган окуучулар ЖРТга кантип даярданса болот?

Балдар жалпы республикалык тестке жалаң гана курска барып даярданат десек жаңылышкан болобуз. ЖРТнын тапшырмалары мектеп программасын эле камтыйт. Андыктан бул боюнча тынчсыздануунун кереги жок. Даярдануу боюнча ресурстарга токтоло кетсек. Биздин www.testing.kg сайтыбызга киргенде, абитурентке жардам деген бөлүм бар. Ошол жерден онлайн тест тапшырып, өзүн сынап көрсө болот. Предметтик жана негизги тесттер боюнча ютуб каналыбызда видео сабактар бар. Мурдагы жылдын колдонмолорун дагы кошумчалай кетүү керек. Сөзсүз түрдө курстарга баруунун кажети жок. Мектепте алган билим жетиштүү.

ЖРТга эски колдонмолор менен даярданса болобу?

Эски колдонмолорду пайдалана берсе болот. ЖРТнын тапшырмалары мектеп программаларына жана мамлекеттик стандартка таянып жасалат. Мамлекеттик стандарт бул жылдар аралыгында көп өзгөргөн жок. Демек, тесттин форматы, суроолору демейдегидей эле болот. Албетте, колдонмолордогу эмес, ошого окшош суроолор келет. Колдонмолор, видеосабактар, онлайн тесттер бул багыт берүүчү нерселер. Кандай багытта даярданышы керек экенин билип алган адам жеңишке жетет.

9-класстын бүтүрүүчүлөрү ЖРТ тапшырса болобу?

9-классты бүткөндөргө ЖРТ тапшыруунун кереги жок. ЖРТны жогорку окуу жайга өтүү үчүн тапшырышат. Тест тапшырып жаткан адамдын колунда орто билими тууралуу аттестат болушу керек. Ал эми 9-классты бүткөндөргө мындай аттестат берилбейт.

Аскерде кызмат өтөп жүргөндөрдүн сертификаты канча жылга жарактуу?

Билим берүү жана илим министрлигинин жарлыгы боюнча, азыркы учурда аскердик мөөнөт өтүп жаткандарга жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы үч жылга жарактуу болуп эсептелет. Эгерде аскерде кызмат өтөп жүргөн адамдын колунда упайы 110 баллдан жогору болгон ЖРТнын жыйынтыгы бар болсо, ошол эле сертификат менен кийинки жылы жогорку окуу жайга кире берсе болот.

11-классты былтыр бүткөндөр ЖРТ тапшыра алабы?

11-классты быйыл же мурдагы жылы, болбосо он жыл мурун бүтсө дагы, жогорку окуу жайга тапшырууну каалагандардын баары ЖРТ тапшыра алат. Бул жерде жаш курак боюнча чектөө жок.

Студенттерге ЖРТ тапшырууга мүмкүнчүлүк берилеби?

Студенттин ЖРТ тапшырам деген оюу бар болсо, бирок өзү жогорку окуу жайда окуп жатса, анда тест тапшырганга укугу жок. Бизде атайын базабызга ким кайда окуп жатканы киргизилген. Ал адам каттоодон өтүп кетип, тестти тапшырган күндө дагы, универитеттен чыккандыгы боюнча маалымкат алып келмейин, жыйынтыгын бербейбиз. Демек, жогорку окуу жайда окуп жаткан студенттер кайрадан күчүн сынап көрүүнү кааласа, жакшылап ойлонушу керек.

Паспорт ала элек окуучулар ЖРТ тапшыра алабы?

11-класстын бүтүрүүчүсү 16га чыга элек болсо, ЖРТга катталуу үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана мектеп директорунун колу коюлган, быйыл түшкөн сүрөтү чапталып, сүрөтүнүн четине мектептин мөөрү басылган маалымкат алып келиши керек.

Тоолуу аймактын жашооуларына упай кошулуп берилеби?

ЖРТдан эч кимге кошумча упай кошулбайт. Баары бир шкала менен бааланат. Болгону төрт түстөгү сертификат берилет. Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрү – кызыл, айылдагылар – сары, тоолуу айматагылар – сыя көк, кичи шаарлар, облус борборлордун бүтүрүүчүлөрү – көк. Ушул сертификаттын түсүнө жараша жогорку окуу жайларда өз-өзүнчө конкурс өтөт. Айталы, Бишкек шаарынын бүтүрүүчүсү тоолуу аймактыкы менен  ат салышпайт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт