Сүйлөшкөн кызыма жуучу түшсө жигитим бар, деп айтпаптыр. Эмне кылышым керек?
Саламатсызбы. Кеңеш сурайын дедим эле. Менин жашым 22де, сүйлөшкөн кызым бар. Албетте бардыгы идеалдуу эмес, ортобузда түшүнбөстүктөр болуп көп урушуп кетебиз, бирок кайра бат эле табышып, жарашып алабыз.
Экөөбүздүн мүнөздөрүбүз эки башка, ал мени болбогон нерселерден эле кызгана берет, а мен кызганып жатканымды байкатпайм, ичип от болуп өрттөнүп жатса да олутту болгонго аракет кылам. Себеби менден шек санап жатабы, - деп өзүн-өзү жемелеп жүрбөсүн дейм. Жоготуп алуудан корком.
Кыз үйдүн кичүүсү, ошол себептүү өтө эрке, таарынчаак, айтканынан кайтпайт. Мен бардыгын түшүнүү менен кабыл алам. Ошого карабай чыртылдаша кетебиз.
Орозо бүткөндөн кийин ата-энелерибиз менен таанышып, күзгө жакын үйлөнөлү деп жатканбыз. Бирок кыздын үйүнө жуучу келип жатыптыр. Кыз ата-энесине жигитим бар дегенден тартынып, алардын көңүлүн оорутуп албайын деп, куда түшүп келген жигит менен сүйлөшүп көрөйүн, деп коюптур.
Мен кызганып, экөөбүз катуу уруша кеттик. Эмне кылышымды билбей турам. Кеңеш бериңизчи?
Эльвира Чокоева
Психолог
Кутман күн!
Кыз-жигит сүйлөшүп жүргөндө, бирин-бири сүйүп, баш кошолу деп турганда, эки жакты кылчактап, башка варианттарды издебейт. Ар бири кабыл алган чечимин туура деп эсептеп, бири-биринен эч кандай күмөн саноолор жаралбашы керек.
Сүйлөшкөн кызыңыз, өзүнүн позициясын жактай албаганы суроо жаратууда. Кеп ата-энесинин көңүлүн оорутуп алууда да эмес. Сиз аны кичүү кыз, эрке, айтканынан кайтпаган деп сүрөттөп жатасыз, демек ал өзү каалап турган нерсесин эч нерседен жазганбай айтып көнүп калган.
Менимче, ал жуучу түшүп келген жигит менен да таанышып, аны менен жолугушуп көрүүгө өзүнө кичинекей шанс калтырып жаткандай. Өзүнө деле кызык болуп жатат окшойт.
Үй-бүлөлүк жашоодо бири-бириңе ишенүү жана сыйлоо абдан маанилүү. Ансыз узак убакытка чейин бирге болуу экөөңөргө тең оор болот.
Ар бир адам өзүнүн жашоосунун кандай нукта өнүгүүсүн каалайт, өзү чечет.
Ийгилик!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.