// //

Жигитим үйлөнсөк иштетпейм, өзүм багам деп айтат. Не кылышты билбей турам

2020.04.08, 20:43
1991

Мен 19 жаштамын, студентмин. Жигитим менен эки жылдан бери сүйлөшөбүз. Ал мага сөйкө салат, андан кийин баш кошолу деп турабыз.

Бирок анын билими жок, окуган эмес. Үйүмдөгүлөр биздин мамилебизге каршы. Окуган эмес, кийин да сени иштетпейт, сени кыйналып окутканыбыз текке кетеби? – деп айтышат.

Жигитиме айтсам, иштетпейм, өзүм багам, дейт. Не кылышты билбей турам, кеңеш бергилечи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.04.2020, 20:43

Камила Юсупова

Психолог

Мындай кырдаалда чечимди сиз гана кабыл аласыз. Себеби, бул сиздин жашооңуз, сиздин келечегиңиз. Сурооңузду эки бөлүккө бөлсө болот.

Биринчиси, жигитиңиз окуган эмес. Сиз үчүн бул канчалык деңгээлде маанилүү? Эгер анын билими бар болсо, эмне өзгөрмөк? Сиздин пикириңиз боюнча, ал окубаса деле иштеп, үй-бүлөну тыңгылыктуу багып кете алабы? Экөөңөрдүн кызыкчылыктарыңар, жашоого болгон көз карашыңар, принциптериңер бирби?

Экинчиден, жигитиңиз, үйлөнсөк иштөөгө уруксат бербейм, деп так жана түшүнүктүү айтыптыр. А сиз иштегиңиз келеби? Сиз үчүн иштеп, материалдык жактан көз карандысыз болуу канчалык деңгээлде маанилүү? Үйдө отурганга даярсызбы? Балким, үйдөн иштеп, же болбосо жарым күн иштей турган жумуш караштырасыз? Буга жигитиниз эмне дейт?

Дагы бир эскерте кетчү жагдай, турмушка чыкканга чейин карьераңыз болбосо, кийин аны куруу жана өркүндөтүү кыйын болуп калат.

Кандай болгон күндө да, кийин ортоңордо нааразычылыктар, өкүнүү болбосун десеңиз. бул суроолорду алдын ала макулдашып, такташып алган оң. 

Ал эми бул баланы чынында сүйөм, эч нерсеге карабастан аны менен бирге болгум келет, деп өзүңүз үчүн даана чечсеңиз, ата-энеңизди да көндүрө турган жолун табасыңар деген ойдомун. Ар дайым өзүңүздүн каалооңуз менен иш жасап, кабыл алган чечимдериңиз үчүн жооп бергидей болуңуз.

Ийгилик!

Психолог Камила Юсупованы инстаграмдагы @institute_auca_kg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт