// //

Топ - 5 иммиграцияга ылайыктуу өлкө

2018.11.12, 14:05
2502

Салам достор! Бүгүн биз силерге иммиграцияга ылайыктуу 5 өлкө жөнүндө айтып беребиз. Кам санабаңыз, кетүү үчүн көп акча кереги жок.

Иммиграция - башка өлкөнүн жараны туруктуу же убактылуу жашоо үчүн башка бир өлкөгө көчүп келиши.

  1. Польша

Польша экономикалык жана социалдык жактан ылдам өсүп жаткан өлкө. Жашоо деңгээли боюнча дүйнөлүк рейтингде 34-орунду ээлейт. Менталитети Россия, Украина жана Белорусияга окшош. 

Артыкчылыктары:

  • Мыйзамдары туруктуу
  • Баалар төмөн
  • Европа өлкөлөрүнө визасыз чыгуу мүмкүнчүлүгү бар
  • Жогорку деңгээлдеги маданияттуулук.

Кемчиликтери:

  • Айлык акы аз, орточо эсеп менен 800 евро.
  • Польшада туруктуу жашоону каалагандар сөзсүз поляк тилин үйрөнүшү керек.

Польшанын жарандыгын алуу үчүн өлкөдө 8 жыл жашоо зарыл.

  1. Чехия

Европадагы экономикасы туруктуу мамлекет. Орточо айлык акы 1100 евро.  

Артыкчылыктары:

  • Кылмыштуулук аз
  • Турмуш-тиричилик товарлары жана азык-түлүк арзан
  • Билим берүү бекер.

Чехия бизнес жүргүзүүгө эркиндик бергендиги менен иммигранттар арасында популярдуу.

  1. Кипр

Кипрде айлык акы жогору, 1600 евро.

Артыкчылыктары:

  • Ыңгайлуу климат
  • Салыктар төмөн.

Кипрдин эң чоң өзгөчөлөгү – кош жарандуулукту тааныйт.

  1. Австралия

Толугу менен иммигранттардан турган континент. 

Артыкчылыктары:

  • Айлык акы жогору, 3000 евро.
  • Сапаттуу билим берүү
  • Бекер медицина.

Кемчиликтери:

  • Ысык климат
  • Баалар өтө жогору
  • Курт-кумурскалар көп.

Кандай жумушчулар керек экенин Австралия Өкмөтүнүн расмий сайтынан билсеңиз болот.

  1. Канада

Канада жашоо сапатынын деңгээли боюнча рейтингдерде биринчи турат. Орточо айлык акы 2800 доллар.

Артыкчылыктары:

  • Бекер билим берүү жана медицина
  • Туруктуу экономика
  • Кылмыштуулук төмөн.

Кемчиликтери:

  • Кээ бир аймактарында кыш өтө суук
  • Баалар жогору
  • Карьералык өсүшкө мүмкүнчүлүктөр аз
  • Англис тили жок бул мамлекетте жүрө албайсыз. 

Бош вакансияларды Канада Өкмөтүнүн расмий сайтынан таба аласыз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт