// //

Аялын кучактагандан уялган эркектин баяны

2020.02.07, 16:35
5690

Гүл саткан дүкөн. Сатуучу 101 розаны кооздоп таңгактап жатат. Бүгүн сүйгөнүмдүн туулган күнү. Жумуштан эртерээк суранып чыктым. Аванс алдым. Ресторандан столго буйрутма бердим. Айтоор, аябай толкунданып алгам.

Бир жигит кызы менен кирип келди. Кыз гүлдөрдү аралап басып жүрөт. Байкасам, кызын кучактайын дейт, бирок, шарт колун тарта калат, башын тырмайт, эки жакты карайт, кулагын кармалайт, айтоор, уялып жатканы билинип турду. Аны байкап отуруп жаңы үйлөнгөн кезим эсиме түштү.

Үмүт экөөбүздү ата-энебиз тааныштырган. Үч ай сүйлөштүк, анын эки айы телефон аркылуу. Себеби мен чет жакта окуйм. Кыргызстанга кайтып келээрим менен үйлөндүм.

Кичинемден китептен башымды алчу эмесмин. Жанагы кинолордогу ботаниктерди көрсөңүз керек. Дал ошолордун өзү элем: көз айнекчен, арык, досу жок бала. Классташтарым мени кошпойт. Ал эми кыздар тапшырма чыгарыш керек болгондо эле жаныма келишет. Жардам бербейм. Жаман сөздөрдү айтып кетип калышат. 

Кыздар мен үчүн өзүнчө бир сыр эле. Аларга сүйлөгөндөн коркчумун. Көздөрүнө тике карай алчу эмесмин. Эмнеге экенин өзүм билбейм. Азыр эстесем боорум эзилет.

Үйлөндүм. Келинчегим менен жалгыз калгандан качам. Мындайда жазыша берет экенсиң, жанына келгенде сүйлөгөнгө сөз табалбайт. Сүйөм, бирок айталбайм. Эркелетким келет, бирок кучактай албайм. Уялып, өзүнчө эле кызыктай болом десеңер. Ичимен, “эркексиңби, өзүңдү колго” ал деп урушам. Баары бир болбойт. Байкушум, күнөөнү өзүнөн издеп, кээде “мени сүйбөйсүз” деп таарынып жүрдү.

Баш кошконубузга бир ай болоюн деп калган. Бир күнү жумуштан келсем ар дайым тосуп чыкчу келинчегим жок. Ашканадан бышылдаган үн угулат. Кайын энем менен жаңы эле сүйлөшүп бүтүптүр. Мени көрө калып “апамды, үйүмдү сагындым, үнүн угуп алып өзүмдү кармана албай калдым”,-деп чуркап келип төшүмө башын койду. Биринчи жолу кучагыма бекем кыстым. Ушунчалык жылуу бир сезимди сездим. Кое бергим келбей чекесинен өөп, чачынан сыладым. Кучак – бул сыйкыр экен, экөөбүздү мурдагыдан дагы катуу жакындатты. Канча саат турганыбызды билбейм, апам “ай, силерге эмне болду” дегенде эсибизге келдик.

Азыр күн сайын кучакташып коштошобуз, кучакташып кино көрөбүз, кучакташып жатабыз. Бул нерсени силерге да сунуштайм. Сүйүүңөр бекемделет, ортоңордогу алыстык жоголот.

Баса, тиги жигит акыры кучактады (күлүп).

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам "тур, үйүңө жөнө" десе, апам “келиниме сүйлөбө" дейт

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт