Бул китептерди окугандан кийин саякатка чыгууну чечесиз
Кыштын суук күндөрүн кызыктуу китеп окуу менен өткөрүңүз! Бул үчүн оор китептерди жаныңызга алып жүрүүнүн кереги жок. book.megacom.kg онлайн-китепканага кирип, смартфонуңуздун экранынан кызыктуу китептерди окуп жана уга аласыз.
Джон Стейнбек “Путешествие с Чарли в поисках Америки”
Стейнбек Нью-Йоркто көп жыл жашагандан кийин ага бир нерсе жетишпей жатканын сезет. Горизонт, көрсө, ага горизонт жетишпей жаткан болот. Бул боштукту толтуруу үчүн ал “Росинант” аттуу жүк ташуучу унаа менен өлкөнү кыдырууну чечет. Кызыктуу саякаты тууралуу китептен окуй аласыз. Баса, баш каармандын досу Чарли - пудель.
Жюль Верн “Вокруг света за 80 дней”
Эч нерседен кебелбеген жана башкаларга окшобогон англичан кызматкери менен 80 күндө дүйнөнү айланып чыгууну чечет. Бул саякатка ал бирөөлөр менен мелдешип кетип аттанат. Күн сайын кызыктуу окуяларга туш болушат: алар бирөөлөрдү сактап калышса, бирөөлөр аларды сактап калат.
Орхан Памук “Стамбул. Город воспоминаний”
Бул жөнөкөй китептерден эмес. Бир заматта окуп бүтүп кое тургандай жеңил десеңиз да жаңылышасыз. Бирок, бул чыгарманы окубай туруп Стамбулга саякат жасоо анчалык кызыктуу болбойт.
Тур Хейердал “Кон-Тики”
Ири киттер, акулалар менен салгылашуу, бороон-чапкын, ызгардуу шамал, албууттанган табият кубулуштарынын арасында жашоо үчүн күрөшүү. Бул саякат каармандардын жашоосун түбөлүккө өзгөртөт.