Виртуалдуу карталар тууралуу эмнелерди билүү керек? Адис айтып берет
"Бай Түшүм" Банкынын төлөм карталар бөлүмүнүн башчысы Жаңыл Айыпова Visa debit Virtual картасы жана анын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.
1. Виртуалдуу карталар - ыңгайлуу жана коопсуз жаңы муун карталары.
2. Виртуалдуу төлөм карталарынын жардамы менен онлайн сатып алууларды, мисалы, Amazon, Aliexpress сыяктуу ири соода аянтчаларынан төлөм жүргүзүүгө болот.
3. Виртуалдуу карталар интернетте коопсуз төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн иштелип чыккан. Пластик эмес, өз ичине онлайн сатып алуулуар үчүн зарыл болгон банк картасынын реквизиттерин камтыйт.
4. Негизги артыкчылыгы - тез даяр болот, күтүүнүн кереги жок. Мисалы, стандартуу пластикалык карталарды берүү жети жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
5. Картага буйрутма берүү үчүн "Бай Түшүм" Банкынын жакынкы кеңселерине кайрылып, тиешелүү келишимге кол коюу керек.
6. Кардарга картанын номери, жарактуулук мөөнөтү жана CVV-коду бөлүп-бөлүп жөнөтүлөт: бирөөсүн СМС аркылуу, экинчисин «BTB 24» мобилдик банкынан алалат.
7. Картаны берүү жана жылдык тейлөө акысыз. Экинчи жылга - 50 сом алынат.
8. Виртуалдуу картанын жардамы менен дүйнөнүн каалаган бурчунда туруп алып онлайн сатып алууларды жүргүзүүгө болот, коопсуздукка кепилдик берилет.
9. Интернет чөйрөсүндөгү товар жана кызматтарга болгон накталай эмес төлөмдөр үчүн комиссия алынбайт.
10. Виртуалдык карталарды толуктоо үчүн "Бай Түшүм" Банкынын жакынкы кеңселерине кайрылуу керек. Картадагы каражаттарды мобилдинг банкинг аркылуу көзөмөлдөп турса болот.