// //

Кайын эжеме жоолук берсем, "муну өлгөнгө да алып барбайт" деп ыргытып салды

2019.10.24, 13:14
9719

Өзүм шаарда өсүп чонойгом. Орус мектепте билим алгам. Салттардын жана ырым-жырымдардын көбүнөн кабарым жок. Ата-энем деле аларга анчейин маани бербейт.

Адилет менен төрт жыл кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Туулган күнүм болчу. Таң эрте чалып, балконго чыгуумду суранды. Уйкусурап араңдан зорго туруп терезени ачтым. “Менин жубайым болууга макулсуңбу?” деп ак карга роза гүлүнүн желекчелери менен жазылып турат. Дароо уйкум ачылды. Адилет кол булгалап жообумду сурады. Макул экенимди айтып бакырдым.

Баш кошконубузга төрт ай болуп калган. Адилет жаңы кызматка дайындалды. Айылдан кайын-журтум куттуктап келишмей болду. Дасторкон жайып жатып кайын эжем келбесе экен, деп тилендим.

Жаман көрбөгүлө, бирок, кайын эжем аябай “стерва”, менин көзүмчө эле, “апа, бул шаардык келиниңизди жакшылап башкарыңыз”,-деп айтат.

Каап, тилегим кабыл болбой калды. Дароо эле кирип келип, “өзүң жасадыңбы же сатып алдынбы?”- деп дасторкон үстүндөгү тамактарды кармалап кирди. Унчуккан жокмун.

Коноктор жакшы отурушту. Караоке ырдашты. Бийлешти. Эки тамак бердим. Саат түнкү 11лерде кетели деп камына башташты. Ошондо улуу жеңем жаныма келип, “Жамал, жоолугуң болсо кайын эжеме салып кой, үйүңө биринчи жолу келип жатат, сөз кылбасын”,-деди. Жок деп койсом болмок экен.

“Эже, кур кетпей муну салынып алыңыз”,-деп жоолукту сундум. Алып, кармалап, кайра мага ыргытты. “Сен эмне мени шылдыңдап жатасыңбы, мындай жоолукту өлгөнгө да алып барбайт!” –деп бакырып кирди. Нес болуп туруп калдым.

Кайын энем кайын эжемди сыртка түртүп чыгарып салды. Бозоруп турган мага келип, “Кызым, көңүлүңө алба, эжең көпкөн неме. Анын айткандарына маани бербей эле, сиздики туура деп кой. Конокторду сонун тостуң. Ыраазымын. Аны  менен өзүм сүйлөшөм”,-деп кучактап бетимден өптү. Кайын энемдин сөздөрү ичимди жылтты.

Арадан 5 жыл өттү. Кайын энемен көп нерсени үйрөндүм. Апам отургузуп алып, сабырдуулук менен баарын көрсөтүп, түшүндүрүп берди. Азыр эл мактаган айылдык келиндерден кем калбайм. Ишенбесеңер, мен бышырган боорсокту жеп көргүлө.

Мени түшүнүү менен кабыл алган кайын энеме рахмат айткым келет.

Баса, мен кайын эжеме салган жоолук, жука болгону менен Түркиядан сатып алган кымбат жоолук болчу. Чыныгы баалуу нерсенин баркын билбеген кайын эжеме боорум ооруйт. Кеп жоолукта эмес.

 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Келин алгандан бери 20 жашка жашарган кайын эненин сыры

Эт жеш үчүн барасың деп, күйөөм тойго жибербейт

Тойдон тайкем жилигин жоготуп алып ызы-чуу салды

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт