// //

Баламды экинчи күйөөмдүн атына жаздыртсам болобу?

2019.08.27, 15:25
1992

Саламатсызбы! Турмушка чыгып, кайра ажырашып үйгө келгенимде боюмда бар экенин билдим. Балам 2 жашка толгуча күйөөм кабар алган эмес. Эми келип кабарлашып жатат. Баламдын фамилиясы башында менде болчу, кийин атасына котортум койгом. Азыр болсо башка адамга турмушка чыккам, балам таята, таенесинин колунда. Үйдө жалгыз кызмын, ошон үчүн алар багып жатышат. Ата-энем жаш, иштеген иши бар, эмгек акылары жакшы. 

Эми мен экинчи ирет күйөөгө тийгениме байланыштуу энелик укуктан ажырап калдымбы? Бирок үйгө барып, баламдан кабар алып турам. Эгер мурунку жолдошум баламды талашса, оңой эле соттон жеңип алып кете алабы? Ортобузда ЗАГС болгон эмес, фамилиясы эле катталуу. Азыркы жолдошума котортуп атасы деп жаздырта аламбы? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.08.2019, 15:27

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юрист

Биринчиден, бөлөк адамга турмушка чыкканыңызга байланыштуу энелик укуктан ажырап калбайсыз. Анткени, ата-энелик укуктан соттун чечими менен гана ажыратылат, ал эми сизге карата эч кандай соттук чечим жок.

Экинчиден, эгер мурунку жолдошуңуз балаңызды талашса, оңой эле соттон жеңип алып кете албайт деп эсептейм. Анткени сот баланын кызыкчылыктарын эске алуу менен, сиздин, балдарды коргоо бөлүмүндөгү адистин жана прокурордун пикирин угуу менен ишти кароого милдетүү. Бул мурунку күйөөңүз кааласа эле соттошуп баланы алып коет деген сөз эмес.

Үчүнчүдөн, баланы учурдагы жолдошуңузга котортуп, атасы деп айттыруу үчүн мыйзамдуу негиздер керек. Аны тактоо үчүн жакшы юристке же жактоочуга кайрылууңуз керек болот. Бул сурооңуз боюнча документтерди көрүп, дагы бир канча суроолорго жооп алуу зарыл экен.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт