// //

ВИЧ тууралуу мифтер. Бул тууралуу ар бир адам билүүгө милдеттүү

2019.06.18, 13:57
6933

Bilesinbi.kg ВИЧ тууралуу кандай мифтер жана жаңылыш ой-пикирлер бар? Аталган инфекция кандай учурда жугат жана ал жөнүндө эмнени билүү керек? Бул суроого Республикалик “СПИД” борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотов жооп берди.

ВИЧ деген эмне?

Алгач ВИЧ менен СПИДдин айырмасын тактап билип алалы:

ВИЧ же АИВ – адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу – бул адамдын организминдеги клеткалардын эсебинен жашап жана көбөйгөн микроорганизмдер. Жөнөкөй сөз менен айтканда, адамдын иммунитетин жеген вирус.

АИВ инфекциясынын акыркы баскычы - СПИД (Адамдын иммундук жетишсиздик синдромунун пайда болуусу). Адам СПИД оорусуна чалдыкканда анын иммунитети такыр жок болуп, катардагы өтө жеңил ооруларга да туруштук бере албай калат.

1-миф. АИВ деген инфекция жок, бул жөн гана жомок

Бул миф. АИВ инфекциясы чындап эле бар жана аны менен күрөшүү көп жылдар бою жүрүп келет. Бул илдеттен дүйнө жүзү боюнча 40 000 000 адам каза тапты. Ооруну жок деп алгач Африка өлкөлөрүнүн бийлиги айтып чыгышкан. Алар өздөрүнүн кайдыгерлигин жана дартка каршы эч кандай чара көрбөгөнүн ушинтип түшүндүрүшкөн. Ошондуктан, Африка өлкөлөрүндө ВИЧ эпидемиясы укмуштуудай масштабга жеткен.

2-миф. АИВге чалдыккан адам менен сүйлөшүүгө болбойт, анткени вирусту жугузуп аласың

АИВ негизинен үч жол менен жугат:

  • жыныстык катнаш аркылуу (презервативсиз);
  • АИВ инфекциясы бар адам менен бир шприц же ийне колдонуу аркылуу;
  • энеден балага (эне сүтү аркылуу).

АИВ төмөнкү учурларда жукпайт:

  • АИВ инфекциясы бар адам менен бирге сууга түшкөндө;
  • бир идиш-аяк менен колдонгондо;
  • бир даараткана менен колдонгондо;
  • спорт менен машыгып жатканда;
  • чымын-чиркей чакканда;
  • сүйлөшкөндө;
  • кол кармашканда;
  • кучакташканда;
  • өбүшкөндө.

3-миф. Банги заттарын колдонгон адамдар жана секс кызматын көрсөткөн адамдар гана АИВ инфекциясына туш болушат

Бул мифтин чындыгы бар. Аталган категориядагы адамдар арасында АИВ вирусуна чалдыгуу коркунучу жогорураак. Бирок акыркы жылдардагы статистикалык көрсөткүчтөргө ылайык, Кыргызстанда 2019-жылдын 1-майына карата АИВ статусу оң чыккан жарандардын саны 9080 киши болсо, анын ичинен АИВди кан аркылуу жугузгандардын саны 3613 киши экени аныкталган.

4-миф. СПИД менен ууланган банан аркылуу дартты жугузуп алса болот

Бул миф. Биринчиден, адам эч убакта дароо СПИД илдети менен ооруп калбайт, алгач АИВге чалдыгат. Экинчиден, АИВ вирустары тышкы чөйрөгө такыр туруктуу эмес. Алар адамдын организминде гана жашай алышат. Бананды жеп АИВ вирусун жугузуу үчүн ага жаңыдан шприц менен кан куюлуп, аны сиз дароо жеп, сиздин тиштериңиз ооруп, бүлөлөрүңүз канаса, ошол кан аркылуу жугушу мүмкүн. Бирок андай факты бир да жолу катталган эмес.

5-миф. АИВди дарылоо мүмкүн эмес, вирусту жугузуп алган адам тез аранын ичинде көз жумат

Ооба, инфекциядан толугу менен арылуу мүмкүн эмес. Анткени бул - өнөкөт дарт. Бирок заманбап медицинанын жетишкендиги менен СПИДден көз жумган адамдардын саны 80% га төмөндөдү. АИВге каршы өз маалында башталган терапия бейтаптын иммундук системасын көтөрүп, физикалык акыбалын узак убакытка чейин нормада сактаганга жардам берет. АИВ статусу бар адамдар кадимкидей өмүр сүрүшөт. Болгону күндө унутпай дары ичүү керек. Дарыны бир калыпта ичпей коюу резистенттүүлүктүн (организмдин дары-дармекке болгон тоготпостугу) өрчүшүнө алып келет.  Антивирустук терапияны жүргүзүү үчүн препараттар Глобалдык фонддун эсебинен сатып алынган жана Кыргызстандын бардык региондорунда бар.

Эскертүү!

Кыргызстанда АИВ инфекциясына туш болгондордун ичинен 42% парентералдык жол менен (кан аркылуу), ал эми 46,3% жыныстык катнаш аркылуу жугузуп алышкан.

Ошондуктан, жыныстык катнашка барганда сөзсүз презерватив колдонгула! Презервативди туура колдонуу адамды үч нерседен коргойт:

  • АИВ инфекциясынан;
  • жыныстык катнаш аркылуу жугуучу башка инфекциялардан;
  • планга кирбеген кош бойлуулуктан.

2019-жылдын 1-майга карата берилген Республикалык “СПИД” борборунун маалыматына ылайык Кыргызстанда

  • АИВ статусу оң чыккан жарандардын саны – 9080 киши;
  • анын ичинен Кыргызстандын жарандары - 8594 киши;
  • анын ичинен - 3057си аялдар; 5537си – эркектер;
  • анын ичинен АИВди кан аркылуу жугузгандардын саны – 3613 киши;
  • АИВден көз жумгандардын саны – 1988 киши;
  • анын ичинен СПИД стадиясына жеткендер – 632 киши.
  • АИВ инфекциясына чалдыккандардын басымдуу көпчүлүгү (65%) – 20-49 жашка чейинки жарандар.

Ден соолугуңуз үчүн жоопкерчиликти өз мойнуңузга алып, сак болгула. Сиз жакындарыңызга керексиз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт