// //

Тимур Алиев: “Жетекчилер убагында оператор болчу”

2018.09.10, 11:22
1768

Контакт-борборунун оператору – бул бир заматта көйгөйдү чечип, тез маалымат алууга жардам берген адис. Эгерде сиз бул кызыктуу кесиптин ээси болгуңуз келсе “Скай Мобайлдын” кардар тажрыйбасын жакшыртуу боюнча башкы менеджер Тимур Алиевдин кеңештерине кулак салыңыз.

Контакт-борборго жумушка кантип орношсо болот?

Алгач резюме түзүңүз. Beeline кеңсесине же электрондук дарегибизге dreamteam@beeline.kg, rabota-dok@beeline.kg жибериңиз.

  • Резюмеңизди мазмундуу кылып толтуруп, топто иштей ала турганыңызды, күчтүү тараптарыңызды көрсөтүңүз.
  • Контакт-борборлорго чыңалуу абалында иштей алган, эмоционалдык жана психологиялык жактан туруктуу, адамдар менен тил табыша тургандар тандалып алынат.
  • Билимге көп маани бербейбиз. Жогорку билимдүү же бүтпөгөн жогорку билимдин ээси болсоңуз дагы жумушка өтүп кетүү мүмкүнчүлүгүңүз бар.
  • Компьютер менен иштөө көндүмдөрүнө ээ болуңуз.
  • Кыргыз жана орус тилдерин билүүгө милдеттүүсүз. Ошондой эле өзбек, кытай, түрк, англис тилдерин билгендерге артыкчылык беребиз.

Жумушубузда кызыктуу окуялар көп болот. Оператор болуп иштеп жатканымда, бир киши чалып “Мени эртең менен саат 06:00до ойготуп коёсузбу” деп суранган.

Окутууга даяр болуңуз

Жаңы жумуш ордуңуз белгилүү бир мезгилге чейин окуудан өтүшүңүздү талап кылат. Сизге жумушту кантип аткаруу керектигин, кардарлар менен туура мамиле түзүүнү ж.б үйрөтөбүз. Операторлор үчүн семинарларды, тренигдерди өткөрүп, тажрыйбаларын арттырганга аракет кылабыз. Аларды ар тараптан колдоп, жардам көрсөтүүгө дайым даярбыз. Операторлорубуз бир жумада 5 күн иштеп, 2 күн эс алышат. 6, 8 же 10 сааттык нөөмөттөрдү тандап алышат. Оперторлордун графигин система тандап берет.

Эң мыкты иштегендер графикти өздөрү тандайт. Жаңы келгендер каалаган графикте иштей албайт.

Оператордун милдети:

Контакт-борбордун операторлору жагдайга ыкчам таасир берип, керектүү маалыматтарды тез арада таап, натыйжалуу жооп бергидей болушу керек.

  • Компаниянын учурдагы жана потенциалдуу кардарларына телефон аркылуу маалыматтык-сурап билүү тейлөө көрсөтүү.
  • Зарыл учурларда чалууларды аткаруу.
  • Компаниянын кызматтарын сатуу.

Beeline компаниясында жумушун оператор болуп баштаган техникалык кызматкерлер, бөлүм башчылар жана  жетекчилер көп. Мен дагы 2,5 жыл оператор болуп иштегем. Өз жумушуңузду мыкты аткарсаңыз карьералык баскычтан көтөрүлөсүз.

Кардар менен кантип маектешүү керек?

Ар бир кардарга өзгөчө мамиле жасаганга аракет кылабыз. Көзү азиз кардарларыбыз бар. Алар чалганда балансын текшерип, кызматтарды кошуп, өчүрүп беребиз.

  • Шашпаңыз, так сүйлөңүз;
  • Сылык болуңуз, кардар ачууңузга тийип жатса дагы негативге алдырбаңыз;
  • Кардар менен сүйлөшүп жатканда жылмайыңыз;
  • Сабырдуу болуп, кардар менен досторчо сүйлөшүңүз;
  • Этиканы сактаңыз, чынчыл, ак ниеттүү болуңуз.

Эч нерседен коркпоңуздар! Эгерде бул кесиптин ээси болгуңуз келсе тилдерди мыкты билиңиз, китеп көп окуңуз, тил байлыгыңызды кеңейтиңиз. Оператор вакансиясына резюмеңизди ыргытып, престиждүү кесиптин ээси болуңуз!

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт