"Үйдөн качкан" өспүрүмдөр
Өсүп келе жаткан балдардын туруксуз психологиясы аны ар кандай чечимдерге түртүп турат эмеспи. Курчап турган чөйрөсү, үй-бүлөдөгү туруксуз абал же ата-эненин жетишээрлик көңүл бурбагандыгы да баланы ар кандай ойго түртөт. Алардын бири үйдөн качып кетүү, аны менен ата-энесинин же кимдир бирөөнүн көңүлүн бурдуруу. Негизинен иликтөөлөр көргөзгөндөй балдардын качкан себеби, үйдөгү тынч эмес абал жана жагымсыз жагдайлар себеп болоору белгилүү болгон. Качкын балдар тууралуу Гүлмира Молдокулова эмнелерди айтат.
- Эмнеге өспүрүм үйдөн качып чыгууну ойлойт?
Бул өтө актуалдуу көйгөйлөрдүн бири. Өспүрүмдүк убакыт өтө татаал болот, бир четинен кичинекей бала бирок, өзүн чоң адамдардай сезет. Өспүрүм бала көп учурда менин эчкимге керегим жок, мени жаман көрүшөт, мага кысымдык кылышат, мени түшүнүшпөйт деп билет. Өспүрүм дайыма үйдөн өзүнүн оордун тапканга аракет кылат. Менин өзүмдүн оюум бар, маселелерди чечкенге акым бар деп ойлойт. Бирок ата-эне көпчүлүк учурда мындайга даяр эмес, аларга баласы дагы деле кичинекей сезилет. “ Сен али кичинекейсиң, менин жашыма жетип ал биринчи, биз ата энебиз биз чечебиз эмне кылыш керектигин ” деп баланы токтотуп коет.
- Үйдөн кетип калуу чечиминин себептери?
Көбүнчө үйдөн качып кеткен өспүрүмдүн жашы 10дон 17ге чейин болот. Улуулар жактан дайыма кагуу жеп турса, үйдө балага болгон басынтуу болсо же ата эне бири-бири менен дайыма урушуп турса, үйдө тынчтык болбосо, үй-бүлөдөгү башка балдарга караганда өспүрүмгө адилетсиздик мамиле кылышса, ата-эне ажырашып кетсе анан жаңы үй бүлө түзүп өгөй ата же эне менен жашап калганда балага үйдөн кетүү оюу келет.
Мындан сырткары жалгыз ата же эне баласына өтө камкордук кылып турса бул дагы баланын жинине тийип кыжырлантат. Дагы бир себеп ата-эненин колу бошобой баласына көңүл бурушпаса бала өзүнө көңүл бурдуруу үчүн, ата-энесин кайтарып алуу максатында үйдөн качып кетет.
- Алдын алуу жолдору: балага көңүл буруп, анын көйгөйлөрүн чечишип, ага акыйкаттуу мамиле жасап, ар бир кырдаалда оюн уга билип турса бала үйдөн качып кетпейт.