Google Карта менен адашпайсыз!
Кайда гана болбоңуз Google Карта менен жол таба аласыз. Жаныма чоң картаны алып жүрүшүм керек экен деп ойлобоңуз. Компьютер, уюлдук телефон же планшет болсо жетиштүү. Эгерде компьютер колдонуп жатсаңыз төмөнкү сайтка кириңиз https://www.google.com/maps, смартфон же планшетиңизге "Google Карта" тиркемесин жүктөп алыңыз.
Үй жана жумуш даректерин сактап коюңуз
Тез багыт алуу үчүн, үйүңүздүн жана жумушуңуздун даректерин картага кошуп койсоңуз болот. Издеп жатканда, кайрадан киргизүүгө кажети жок болуп калат!
Кызыктуу жерлер тууралуу маалымат караңыз
Google Картанын жардамы менен даректерди издеп гана эмес, дүкөндөрдүн жана башка компаниялардын иштөө убактыларын, ресторандар жана алардын менюларын билип алсаңыз болот.
Навигацияны колдонуңуз
Телефондон же планшеттен, үй же жумушка багыт коюп, жолго канча убакыт кетээрин билип алсаңыз болот. Бул үчүн, мисалы картанын түбүндөгү машинанын белгисин басасыз.