Влогер Байзак Медербековдон 5 кеңеш
Beeline компаниясынын сегмент-маркетинг жана продуктыларды өнүктүрүү боюнча адиси Байзак Медербеков түз эфирибизде конокто болуп, влогер болгусу келген жаштардын суроолоруна жооп берди.
1. Влогер болгуңар келсе жөн гана баштагыла. Колуңарда телефон менен ноутбук (монтажга) болсо жетиштүү.
2. Кызыктуубу же жокпу айырмасы жок, баарын катарынан тарта бергиле. Ошондо гана аудиторияңарга эмне жагарын биле аласыңар.
3. Влог тартаардан мурун сөзсүз даярданып алгыла: эмнени сүйлөйм, кайсы жерде тамаша айтам дегендей. Болбосо убактыңар текке кетет.
4. Видеоңордун темасына жакшылап көңүл бургула. Демейде, аталышы провокациялуу видеолорду көп көрүшөт.
5. Влогерлердин жумушу оңой дегендер жаңылышат. Буга көп убакыт жана эмгек талап кылынат. Андыктан, изденгиле жана жалкоолонбогула!