// //

Кыялдагыдай жумушту кантип тапса болот? HR-менеджерден 10 кеңеш

2018.07.23, 11:12
3268

Айнура Кошоева иш берүүчүлөр кимди издеп жатканын жакшы билет. Себеби ал миңдеген резюмелерди окуп чыккан, жүздөгөн кызматкерлерди  жумушка алган.

Кыялыңыздагы  жумушту издеп жүрсөңүз  ЖЧК "СкайМобайл"дын кызматкерлерди башкаруу боюнча кызматынын директору Айнура Кошоеванын кеңештерине кулак салыңыз.

  1. Бүгүнкү күндө көпчүлүк иш берүүчүлөр талапкерлердин талдоо жөндөмдүүлүгүн баалашат. Тактап айтканда талапкердин аналитикалык көндүмгө ээ болушу – биринчи орунга коюлат.
  2. Жумуш берүүчүгө командада иштей аласызбы же жокпу абдан мааанилүү. 
  3. Маектешүүгө келгенде өзүңүздү компаниянын потенциалдуу кызматкери катары көрсөтүшүңүз керек. Ал үчүн күн мурун компания тууралуу маалыматтарды окуп, баалуулуктары сизге туура келеби же жокпу билип алыңыз.
  4. Резюме-сиздин визиттик картаңыз. Мурун көп барактуу резюме жакшы деп эсептелсе, бүгүнкү күндө креативдүү резюмелер утушка ээ болот. Инфографика менен түзүлгөн резюме-жаңы тренд!
  5. Мотивациялык кат-сизди топтон суруп чыгат. Резюмеңиз мыкты деңгээлде жазылбаса дагы, башында мотивациялык кат берилсе, маектешүүгө өтүп кетишиңиз мүмкүн.
  6. Резюмеге жеке сапаттарды жазып кереги жок. Мурунку жумуш ордуңуздан эмнеге жетише алдыңыз ошону жазыңыз. Мисалы, “мен менеджер болуп иштегенде ишканага 20 миң    кардар таап бердим”. Резюмеге жалган маалыматтырды жазбаңыз. Кандай болсоңуз, ошондой болуңуз.
  7. Эч жерде иштей элек болсоңуз, резюмеңизди кантип толтурам деп башыңыз катып жатса, катышкан курс, долбоор, сынак, клуб сыяктуу нерселердин баарын эстеңиз. Булар дагы колуңуздан келбесе, “тажрыйбам жок, бирок мен буларга даярмын” деп жазыңыз. Жумуш берүүчүлөр сиздей эле адамдар, аларды кызыктыруунун жолдорун издеңиз, резюмеңизди креативдүү кылып жасаңыз.
  8. Биринчи таасир 30 секунд ичинде калыптанат. Сырткы келбетиңизге көңүл буруңуз, маанайыңыз ачык болсун.
  9. Жумушка кабыл албай койсо эч нерсе болбойт. Болгону ал сиз иштей турчу уюм эмес. Жумушка алынбай калгандыгыңыздын себебин билүүдөн коркпоңуз. Жумуш берүүчүдөн “ Өзүмдүн өнүгүүм үчүн билгим келип жатат, мага эмне жетишкен жок”, - деп сураңыз.
  10. Жумушту акчасына карап тандасаңыз, айлыкка 3-4 айда көнүп каласыз дагы, ал сизге аз  көрүнө баштайт. Андыктан жан дүйнөңүз каалаган ишке орношуңуз, ошондо гана ар бир  күндөн ырахат аласыз.

 

"Beeline"-20 жыл сиздер менен!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт