// //

Төштү чоңойтуу эми көйгөй эмес

2018.06.22, 17:27
5259

Кээ бир айымдар көкүрөгүнүн кичинекейинен тартынып, өзүн ыңгайсыз сезет. Абалдан чыгуу үчүн пластикалык хирургга барууну чечет. Бирок акыркы чечимди кабыл алууга коркунучтары тоскоол болот. Белгилүү пластикалык хирург, Саламаттыкты сактоонун отличниги Искен Качкинбаев окурмандардын суроолоруна жооп берип, маммопластика тууралуу маалымат берди.

Турмушка чыга элек кыз имплантант салдырса болобу? Кийин бала эмизгенде терс таасири тийип калбайбы?

- Имплантант төш безге салынат деп айтылат. Бирок имплантант деген  чоң төш булчуңунун аркасында турат. Ошондо ал кабырганын үстүндө төш безди алдыга жылдырып эле коет. Төш безди чоңойтуу боюнча дүйнө жүзүндө 3 миллионго чейин операция жасалат. Бул көрсөткүчтүн 3/2 бөлүгү турмушка чыга элек кыздар. Кийин бала эмизгенге эч кандай зыяны жок. Менден жасаткан бир кыз кийин турмушка чыгып, төрт баланы эмизди.

Имплантант салдыргандан кийин спорт менен машыкса болобу?

- Болот, менден бир топ спортчу кыздар жасатып кетишкен. Казакстандын фитнес боюнча чемпион кызы дагы келген. Спорт эч кандай терс таасирин тийгизбейт.

Силикон салдырып төштү чоңойткондон кийин аны дайым коррективден туруу керекпи?

- Бир канча убакыт өткөндөн кийин кайра оңдоонун зарылчылыгы жок. Биринчи жасатып жатканда өз ишин мыкты билген адиске кайрылып, сапаттуу имплантант салдырса, түбөлүккө жүрө берет.

Имплантанттын зыяны барбы?

- Биз ымыркайларга упчу берип жатканда зыян деп ойлонбуз. Ошол силикон упчуну бала соруп эки-үч айда ичкертип коёт. Анын баары кайда кетти десеңиз, албетте денесине сиңирилди. Демек, бала силикондон эч кандай зыян албагандан кийин, чоң кишилерге дагы терс таасири жок. Эмне үчүн дегенде силикон кремнийден жасалат. Ал деген инерттик материал. 

23 жаштамын. Төшүм кичинекей, бирок апамдыкы чоң. Имплантант салдырайын дегем же апамдыкын тартып өсүп калышы мүмкүнбү?

- Ошол өсүп калуудан бир аз чочуш керек. Эмне үчүн дегенде, төрөй элек кезде төш бездин 20 % без, 80 % май, төрөгөндө 80% без, 20% май болот. Майлар сүт бездери менен басылып жоголот. Жаратылыш эрежелерине ылайык  эмизгенден кийин, төш без кичирейиш керек. Эгерде чоң бойдон калып калса онкологияга барып текшертүү керек.

Өзүм толук кызмын, бирок төшүм кичинекей. Имплантант салдырып чоңойтсом кийин арыктаганда төшүм шалбырап калбайбы?

- Алгач арыктап алыңыз. Эч эле салмактан арыла албай жатсаңыз, липосакция жасатыңыз.

Төшкө имплантант салбай эле денедеги ашыкча майды алып, куюп койсо болобу?

- Мурунку “ичимдеги майды алып, бул жерге куюп койсо” деген жомок азыр ишке ашканына көп болду. Липосакция кылып алынган ашыкча майларды хирургдар таштабай калган. Жамбашына, төшүнө ийне сайып көчүрүп коет. Май деген май бар жерге көнүп жашап калат. Айта кетейин, төш бездин өзүнө май куйбайт. Тушуна, аркасына, сыртына, теринин астына куят.

Мен өзүм арыкмын. Төшүмө май куйдуруу үчүн башка адамдын майын алсам болобу?

- Жок, ар бир адамдын өзүнүкү керек. Кээде мага дагы сизге окшогон арык кыздар келет. Алар салмак кошуу үчүн жарым жыл же бир жылдай таттуу токочторду жешет. Анан кадимкидей семирип келишкенде, майын көчүрүп коёбуз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт