Бетим анардай кызыл, андан аябай уялам
Мен сулуу эмесмин, себеби бетим кызыл. Курбуларымдын, классташтарымдын жанынан абдан уялам, сүрөткө түшкөндөн тартынам.
Мээрим Давлетова
косметолог-дерматолог
Беттеги купероздун пайда болушуна физикалык жүктүн көптүгү, аба-ырайынын таасири, ультрафиолет нуру, гормондордун бузулушу, боордун жабыркашы, косметикалык каражаттарды туура эмес пайдалануу себеп болот. Купероз дагы башка оорулардай эле адистин көзөмөлүндө даарыланат. Канчалык дарыгерге эрте кайрылса, жыйынтыгы дагы кубантаарлык болот. Азыркы учурда беттеги кызыл кан тамырлардан арылуу үчүн дарылоонун бир канча түрү бар, аны купероздун даражасына карап дарылайт. Кээде куперозго каршы косметикалык каражаттардын жардамы менен эле айыктырып койсо болот. Эгерде бул нерсе жардам бербесе фототеропия, озонотерапия, лазердик дарылоо, химиялык пилинг сунушталат. Боюңда жана эмчектеги балаң жок болсо аскорутин деген дарыны тамактын алдында 1 даанадан 2 маал 20 күн ичсең болот. Бирок сенин дарыгерге кайрылганың эле туура болот деп ойлойм, анткени үй шартындагы маскалар жана өз алдынча дарылануу көп деле жардам бере бербейт. Эгер мүмкүн болсо мени менен байланыш фото терапия менен кетирүүгө жардам берем.