Унутчаактык оорбу?
Менин жашым 18 де. Жогорку оку жайлардын биринде 1-курста окуйм. Мен унутчаакмын, кээде кайсы сабактын кирээрин унутуп калам. Мисалы: кечээ кол телефонумдун заряднигин университетке унутуп коюп жоготуп алдым. Кыскача айтканда майда барат нерселерди унутуп калам. Мындан сырткары көбүнчө уят сөздөрдү сүйлөйм. Эмне кылсам болот?
Чынара Балтабаева
терапевт
Эс тутумдун начарлашынын бир канча себеби бар. Стресс, мээ жана ички органдардын иштөө түзүмүнүн бузулуусу, алкогол, чылым сыяктуу зыяндуу заттарды көп колдонуу, баш сөөк жаракаты же болбосо богок, башта кан айлануунун бузулуусу жана башка. Айта берсек абдан көп. Сизди текшергенде гана анык себеби билинет. Сиз неврологго же терапевтке кайрылыңыз. Атайын препараттардын жана көнүгүүлөрдүн жардамы менен эс тутумду жакшыртса болот. Көбүрөөк витаминдүү азыктарды жеңиз, көп кабатырланбаңыз, таза абада сейилдеңиз. Сөзсүз дарыгерге барып, текшерилиңиз.
Низар Кеңешбеков
Сен невролог же психиатрга барып көрүнөсүң. Көп элдер психиатрга баргандан уялышат, сен антпей көрүн, ден-соолук биринчи байлык дейт! Текшерилгенче үйдөн сабиздин, кызылчанын согун ич. Бир күндө 2 сааттан китеп оку, китептин баардык түрүн окусаң болот. Сөзсүз түрдө таза абада сейилдөө, аз дегенде жарым саат да жетиштүү болуп эсептелинет. Жөө көп бас, чет тилдерин үйрөн жана көңүлдүү жүр. Адамдын эс тутумун сүйүнүү гормондору башкарат. Далилдөөлөр боюнча бактылуу, жылмайып жүргөн адамдар маалыматтарды жакшы эстеп калышат жана көп чарчашпайт. Андыктан көңүлдүү жүрүүгө аракет кыл. Анан албетте атайын адистерге эртерээк текшерилүү керек.
Ал эми уят сөздөрдү сүйлөбөй коюу өзүңүздүн эрктен жана аракеттен. Болгону “уят сөздөрдү сүйлөбөйм” деп план коюңуз да эрктүүлүк менен аракет жасаңыз.