Кенеден кантип коргонуу керек?
Кене жабышса аны кантип алып жана жардам алуу үчүн кайда кайрылуу керек? Кене чагып алса дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги барбы? Бул жана башка суроолорго төмөнкү материалдан жооп таба аласыз.
Кене чакпасын десеңиз, анда буларды эске алыңыз:
- Кенелер көп кездешчү жерлерден оолак болуңуз.
- Токойго, талаага же эс алуу бакчаларына барсаңыз колу-бутуңузду толугу менен жапкан кийимдерди кийиңиз.
- Атайын курт-кумурскалардан коргоочу кремдерди, спрейлерди жаныңызда алып жүрүүнү унутпаңыз. Бул каражаттар менен кийимдин жеңдерин, жакаларын сүртүп коюңуз.
- Сейилдөө учурунда жана кийин өзүңүздү жакшылап карап туруңуз.
Энцефалит оорусун алдын алуу үчүн кенелер сезону башталганга чейин эмдөө алып коюңуз.
Денеге жабышкан кенени кантип алуу керек?
- Кенени болушунча тез арада алуу керек. Бул өз кезегинде энцефалит оорусун алдын алат.
- Мүмкүнчүлүк болсо, медициналык борборго кайрылып, дарыгерге алдырыңыз.
- Эгерде өз алдынча ала турган болсоңуз, анда пинцет керек болот. Кенени алып жатканда айландырбай, денеге перпендикуляр ыкмасына ылайык тартуу керек.
- Кене толугу менен алынбай башы калып калса, аны ийне же шприцтин жардамы менен тикенекти алгандай кылып алып коюңуз.
- Алып бүткөндөн кийин кене жабышкан жерди спирт же йод менен дезинфекция кылууну унутпаңыз.
- Алган кенени ыргытып жибербеңиз. Оору жуккан жокпу билүү үчүн аны банкага салып, лабораторияга анализге алып барыңыз.
Энцефалиттин белгилери
Кене жабышкан жердин кызарып, шишик тартып калышы- бул нормалдуу эле көрүнүш. Бул кене бөлүп чыгарган суюктукка болгон дененин реакциясы, бир-эки күндөн кийин өзү кетип калат. Энцефалит оорусунун белгилери кене чаккандан 7-14 күндөн кийин байкала баштайт.
Эгерде:
- Температураңыз жогоруласа
- Денеңиз кызарып, бүдүр болуп кетсе
- Көңүлүңүз айныса
- Чыйрыксаңыз
- Башыңыз ооруса
- Муундарыңыз ооруса
Анда тезинен дарыгерге кайрылып, кене качан чакканын айтып бериңиз. Атайын кене инфекцияларына анализ тапшырып, дарылануу керектелет.