Кошунабыздын жосунсуз жоруктары
19 жаштамын. Кошунабыз “16 жаштагы кызым экөөбүз кетип бара жатсак, бизди ашатып сөктү, мурун дагы кызымды урган экен” деп үстүмө жалган жалаа жаап, укук коргоо органдарына арыз жазып салыптыр. Мен аларга тил дагы тийгизген эмесмин. Менимче жөн жерден акча өндүртүп алайын дейт окшойт. Бул биринчи ирээт эмес. Мурун дагы байкемдин үстүнөн “12 жаштагы баламды “отвертка” менен муунтту” деп арыз жазган. Баласы дагы жалган айтып, ошондой болгон дептир. Батиринде жашаган адамдарды күбө катары көрсөтө берет. Алар бизди үйүнөн айдап чыгат деп коркуп, “ооба, ошондой болгон” дей беришет. Кызыгы бизди итимди таш менен урду деп милиция чакыра беришет. Кошунабыздын мындай жоруктарынын айынан апамдар байкемди айылга жиберишти. Эми болсо мага асыла баштады. Эмне кылсак болот?
Нурислам Раимжанов
Юрист
“Эмне кылсак болот?” деген суроонузга жооп берээрден мурун башкы мыйзамдан бир канча беренелерин айтып өтөйүн. Сиз ошол беренелерди окуп, маанисин түшүнүүгө аракет кылыңыз. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-пунктунда “Кыргыз Республикасынын өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат. Эч ким жынысы, рассасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес” деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле баш мыйзамдын 40-беренесинин 2-пунктунда “Ар ким өз укугун жана эркиндигин мыйзам менен тыюу салынбаган бардык ыкмалар менен коргоого укуктуу” деп айтылат.
Андыктан, кошунаңыз сизди же үй-бүлөңүздү негизсиз күнөөлөп жатса, анда сиз да ошол кошунаңыздын жүйөөлөрү чындыкка дал келбестигин жана жөнү жок айыптоо экендиги боюнча милицияга арыз менен кайрылыңыз. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесинин негизинде кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо бул кылмыш болуп эсептелинет.