Дарыланганымдын натыйжасы жок
Менин жашым 18 де, 9, 10 жашымда жайлоодон бутум ооруй баштаган, ошондон бери ооруп келет. Бут оорунун: бруцеллез, ревматизм түрүнө да дарыланып чыккам, бирок натыйжасы болгон жок. Азыр суук күндөрдө жана көп чуркаган учурларда ооруп калат. Кандай чараларды колдонсом болот?
Алмаз Кубатбеков
травматолог
Сизди толук түрдө текшерүүдөн өткөрүп, анализдериңиздин жыйынтыгын көрүп анан гана кандай чара колдонуу керектигин айта алабыз. Бутуңузду рентгенге тартып, оорунун себебин билишибиз керек. Андыктан дагы бир жолу текшерүүдөн өтүңүз. Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна келиңиз, баардык жардамды биздин борбордон ала аласыз, сизди көрбөй туруп кеңеш бере албайбыз.