Сөз чебери Алдаш Белек уулу
Улуу Октябрь революциясына чейин жашаган, ырлары жана айткандары белгилүү болгон кыргыз акындарынын саны 50-60ка барат. Бирок булардын көбү туралуу маалыматтар толук эмес. Ырлары белгилүү болсо, өмүр баяны туралуу маалыматтар жупуну.
Мына ушундай кеңири коомчулукка азыраак белгилүү болгон таланттардын катарында Алдаш Белек уулун, Шапак Алдаш уулун жана Шералы Шапак уулун кошууга болот. Булар туралуу маалыматты белгилүү адабиятчы жана илимпоз Зияш Бектенов иликтеген. Анын ирээтке салган материалдарына караганда, Алдаш Белек уулу болжол менен 1720-жылы туулуп, 1780-жылы дүйнөдөн кайткан.
Алдаштын санаты
Жакшыдан жаман туулат,
Бир аяк ашка алгысыз.
Жамандан жакшы туулат,
Адам айтса кангысыз.
Кулдан акылман чыкса,
Төргө олтургузуп бий шайла.
Тектүүдөн жаман чыкса,
Төрдөн кууп тышка айда.
Балалуу катынга камчы көтөргөн эркек акмак,
Балапанын ээрчиткен казга кушун шилтеген мүнүшкөр акмак.
Кыз-бала ата-энеге беш күндүк конок.
Кыз бала бойго жеткенче-
Тойдо торко кийгизип,
Көчкөндө жорого мингизип,
Эркелетип багыш керек.
Алдаштын алты уулунун эң туну-Шапак. Ал болжол менен 1740-жылы туулуп, 1810-жылы дүйнөдөн кайткан. Ооздон-оозго айтылган сөзгө караганда Шапак бойго жеткен маалда Көл айланасындагы кыргыздардын колун башкарган. Шапак башкарган элине эрдиги гана менен эмес, атасы Алдаш сыяктуу накыл сөзгө чебер болгон. Бирок анын накыл сөздөрү бизге толугу менен жеткен эмес. Колдо барына карасак, эр жүрөк, элин сүйгөн адам экени билинип турат.
Эгер калсан мал-мүлкүңөн айрылып,
Эч нерсе эмес, орду толот кайрылып.
Бирок жоодо кайратыңды жоготсоң,
Анда өзүңдү мойсогонуң жай кылып.
Шапактын картайып калганда уулу Шералыга орус менен кыргыз мамилесин түзүү аракетинде болуусун айткан экен. Шералы атасынын керээзин аткарып, 1814-жылы өзүнүн төртүнчү уулу 14 жаштагы Камчыбек менен Омск шаарына элчи болуп барат. Падышалык генерал-губернатор кыргыз элчилерине сый көрсөтүп, Камчыбектин белине аты жазылган кылыч байлашат. Маалыматтарга караганда Камчыбек ошондон кийин Омск шаарына бир канча жолу барып, Ысык-Көл кыргыздарын Россиянын букаралыгын кабылдашына чоң салымын киргизген экен.