Жолдошума насыяны кантип төлөтөм?
2018.04.03, 10:49
1969
Мен жолдошум менен ажырашайын деп жатам. Бирок ал менин атымдан насыя алдырган эле. Ажырашсак кандай кылып төлөтө алам?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.04.2018, 10:50
Нурислам Раимжанов
Юрист
Ажырашуу процессинде сот алимент өндүрүү, балдарды, мүлктү бөлүштүрүү маселелерин гана карап чыга алат. Насыя маселесин карабайт. Сиз насыяны алгандыгы, төлөгөндүгү тууралуу кагаздарды чогултуп, сотко тапшырасыз. Ажырашпай туруп деле күйөмө мен алып бергенмин, бүгүнкү күндө мен төлөп жатам, күйөм менен жашабай калдым, акчамды өндүрүп бериңиз деп карызды өндүрүү боюнча сотко арыз берсеңиз болот.
0
Пайдалуу жооп