Үнүм жаман. Бирок ырдагым келет
2018.03.20, 16:07
1287
Мен ырдаганды жакшы көрөм. Бирок үнүм жаман. Диктафонго жаздырып уксам өзүмө жакпайт. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.03.2018, 16:08
Наргиза Ташибаева
Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын мүдүр орун басары
Музыкага кызыксаңыз музыкалык окуу жайлардын бирине барсаңыз, мугалимдер үнүңүздү, музыкалык угууңузду(слухуңузду), эс тутумуңузду жана ритмди текшерип беришет. Кааласаңыз биздин окуу жайга келсеңиз болот. Кызыгууңуз болсо абдан жакшы. Билинбегени менен кыйын чыга турган үндөр болот. Угууну, үндү таптаса болот, эч кандай тоскоолдук жок. Баары өз каалоңуздан көз каранды.
0
Пайдалуу жооп