// //

Сууда сүзгөндөн корккондор үчүн сонун маалымат

2023.06.23, 16:42
7191

Көлгө барасыз. Дос-туугандарыңыз дароо чуркап сууга кирип кетишет. Сиз бутуңузду салып жээкте турасыз. Бул көрүнүштөн тажап кеттиңизби? Сүзгөндөн корккуңуз келбейби? Анда төмөндөгү кеңештерге кулак салыныз.

- Гидрофобия же аквафобия - сууга чөгүп кетүүдөн, сууга түшүүдөн жана сүзүүдөн коркуу. Бул коркуу ар кандай жолдор менен байкалышы мүмкүн - кимдир бирөө дароо качып кетет, кимдир бирөө катып калат. Эгерде коркуу  сууга түшкөндө башталса, анда ал, адатта, паника, жүрөктүн бат согушу жана дем алуунун бузулушу, бүт дененин катышы менен коштолот.

- Адамдын сүзүүдөн коркушунун себептери ар кандай болушу мүмкүн. Булар эс-тутумда бекем сакталып калган өткөндөгү жагымсыз эскерүүлөр болушу мүмкүн. Ошондой эле, денебиз коркууну жакшы эстеп калат. Бул ошондой эле өткөндөн калган травмалык окуя - адам сууга чөгүп кеткенде пайда болгон дегендей.

- Бул коркуу менен күрөшүү жана жеңүү үчүн, атайын тренерлерге кайрылса болот. Биринчиден, алар адамга керектүү колдоо көрсөтүшсө, экинчиден, атайын көнүгүүлөрдү беришет.

- Коркуудан арылуу үчүн биринчи машыгуулар башталганда адамдар сууга түшүүдөн мурун токтоп, активдүү дем ​​алышат. Коркунучту жеңүү кадыресе көрүнүш – бул убакытты талап кылат. Болгону, мээни өчүрүп, эми муну кыла алам деген ойду кармануу керек. 

- "Мен сүзүүдөн корккум келбейт!" Ушул ой менен аракетти баштаганда, бул өзү эле чоң жеңиш болуп саналат. Алгач адамдардын өзүнө ишениши маанилүү.

- Ар бир учур индивидуалдуу, ал канча убакытка созуларын так айтуу мүмкүн эмес. Бирок, туура тренер тандап, машыгууну баштаса эле оң натыйжа биринчи күндөн тарта пайда болот. Эң негизгиси баштоону каалаш керек. Коркууну жеңүү толу мүмкүн!

Сиз суудан коркпойсузбу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт