// //

MegaPay‘де Кыргызстандын 8 банкынын карталарына ылдам акча которуу жеткиликтүү

2023.06.12, 10:49
442

MegaPay мобилдик тиркемеси мурдагыдан дагы ыңгайлуу жана функционалдуу болуп калды. Заманбап санариптик сервистерден пайдаланууну жактырган тиркеменин колдонуучулары эми телефондун балансынан Кыргызстандагы сегиз банктын карталарын толуктай алышат. Тиркеменин колдонуучулары үчүн жеткиликтүү болгон банктардын тизмеси «Кыргыз-Швейцария Банкы» менен толукталды.

Кызмат үчүн алынуучу комиссия 0 сом! Колдонуучулар смартфон аркылуу жүргүзүлүүчү каржы операцияларын 24/7 режиминде бир нече баскычтын жардамы менен гана ишке ашыра алышат.

MegaPay’ден кайсыл банктардын карталарын жана эсептерин комиссиясыз толуктаса болот?

  • «Айыл Банк» ААКы;
  • «Бакай Банк» ААКы;
  • «Кыргызстан Коммерциялык банкы» (MBANK) ААКы;
  • Банк «Бай-Tушум» ААКы;
  • «РСК Банк» ААКы;
  • «ФинансКредитБанк» ААКы;
  • «Халык Банк Кыргызстан» ААКы;
  • «Кыргыз-Швейцария Банкы» ЖАК.

Толуктоо үчүн:

  •  Google Play же App Store‘дон MegaPay тиркемесин жүктөп же жаңылап алуу;
  • Башкы менюдан “Которуулар” бөлүмүн тандап, реквизитти жазуу, андан соң экранда пайда болгон банктардын тизмесинен тиешелүү банкты тандап, телефон номери, карта номери же эсеп аркылуу которуу;

же болбосо

  • Башкы менюдан “Картаны толуктоо” баракчасын тандоо же “Төлөм” бөлүмүнөн “Банк кызматтары” баскычын басуу;
  • Тизмеден тиешелүү банкты тандап, картанын номерин же карта эсебин жазуу, тиешелүү сумманы жазып, транзакцияны тастыктоо.

Даяр!

Онлайн-толуктоо абоненттерди банктардын кеңселерине баруу убаракерчилигинен бошотот. Муну менен катар, акча каражаты которулган эсепке көз ачып жумганча келип түшөт, ал эми транзакциянын чектери “Төлөмдөр тарыхы” бөлүмүндө сакталып калат.

MegaPay – сиздин ишенимдүү жардамчыңыз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт