// //

Күйөөм басып кеткенден кийин, мага рахмат деп койгонго жарабады

2023.05.10, 16:02
10857

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Хирургдун сөзү чын болуп чыкты. "Билимиң бар, бирок акылың жок" деген. Туура экен. Мындан ары жашоо кандай болот билбейм. Бир нерсени билем, мурдагыдай болбойт. 

Жол кырсыгына кабылды. Жүлүнү жабыркады. Баспай калды. Жумуштан чыктым. Балдарды унуттум. Башымды бир ай жууган жокмун. Күнү-түнү жанында болдум. Өз апасы караган жок. Оорулуу адамды караган кандай экенин баары эле биле бербесе керек. 

Ооба, туугандары чогулуп акча беришти. Мен акча бере албадым. Мен ага сүйүүмду, колдоомду бердим. Оорудан ачууланып сөксө да чыдадым. "Өлөм" дегенде өлбө дедим. Балдарды ойло дедим. Колун бекем кармадым.

Бутуна турду. Басты. Кадам таштады. Түлөө өткөрмөй болдук.

Бүт туугандары келди. Баарына рахмат айтты. Алар болбосо баспай каларын айтты. Ооба, алар акча беришкен. Аттиң, менип эстеп да койгон жок. 

Рахмат дебеди. Мен болдум го! Жанында мен болдум го! Алдын мен тазаладым го! Уктабай мен отурдум го! Рахмат дебеди... Бир дагы жолу ыраазымын дебеди.

Мен сындым. Аябай катуу сындым. Эми башкача болуп куралам. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт