// //

Эс тутумуңуз начар болсо, бул кеңештер жардамга келет

2023.04.05, 17:57
670

Салам, достор! Бүгүн силерге эс тутумду жакшыртуучу сонун кеңештер менен бөлүшөбүз. Кеттикпи?

  1. Өзүңүз үчүн образдарды жараткыла. Олутту маалыматты сактап калуу зарыл болуп турса, салыштырып, окшоштуруп, же бир буюм, адам менен ассоциация кылыңыз.
  2. Кээде адамдын атын же телефон номерди эстей албай калган учур болот. Ошондо эс тутумду иштетип, өз алдынча эстегенге аракеттенүү зарыл. Телефонду карап же блокнотту ачууга шашылбаңыз. Бул маалымат сиздин мээдеги текчелердин биринде жатат. Болгону аны табышыңыз керек.
  3. Уккан же окуган маалыматты үнүңүздү чыгарып кайталаңыз. Башка кишиге бул тууралуу айтып же түшүндүрүп бериңиз.
  4. Арифметикалык эсептерди чыгарыңыз. Кезекте, аялдамада турсаңыз, отургучтарды санап, келип чыккан санды кезектеги адамдардын санына көбөйтүңүз. Же ары-бери өткөн машинелердин номерлерин кошуп суммасын аныктаңыз. Арифметика мээ үчүн мыкты тренажер.
  5. Бир күн кечке эмне кылганыңарды, кандай окуяларга туш болгонуңарды эстегиле. Азыркы учурдан тартып эртең мененкиге чейин тетири тартипке келтирип көрүңүз. Ишенип койгула, бул оңой эмес!
  6. Көбүрөөк китеп окуңуз. Китеп окуп жатканда, адамдын мээси фантазиясын иштетип, элестетүү, деталдарды эстеп калуу, үчүн чыңалып иштейт.
  7. Ыр же бир тексттин үзүндүсүн жатка айткыла. Бир ыргакка, келтирилген ырды жана рифмага түшпөгөн текстти жаттоо мээнин иштешин жакшыртат. Сизге чынында жаккан чыгарманы тандаңыз.
  8. Чет тилдерди үйрөнгүлө. Элестетиңиз, Италияга келип, «Buongiorno!» деп саламдашып жатканыңызды. Сизди коштоп келген мекендештериңер суктанып карап калышса керек э? Чет тил үйрөнүү эс тутумду жакшыртат, андан тышкары бул абдан кызыктуу процесс.

Биз эс тутумду жакшыртуунун бир нече техникаларын айтып бердик. Бирок жөн гана көрүп коюу жетишсиз. Аларды иш жүзүндө колдонуу зарыл.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт