// //

Жасалма интеллект 8-мартка эмне белек берсе болорун айтты

2023.03.06, 10:57
975

Мына ошентип 8-март келип калды. Мырзалар сүйүктүүлөрүнүн көңүлүн алуунун жолдорун издей башташты. Албетте, гүл берилет деңизчи, бирок дагы эмне берсе болот? Биз учурда популярдуу болуп жаткан жасалма интеллект, тактап айтканда, ChatGPT сунуштаган белектерди тизмектеп чыктык. 

АПАҢЫЗГА КАНДАЙ БЕЛЕК БЕРСЕ БОЛОТ?

8-мартта апаңызга ар кандай белектерди тартууласаңыз болот. Мисалы:

  • Букет гүл - 8-мартта салттуу жана актуалдуу белек болуп саналат.
  • Косметика - эгер апаңыз косметиканы жакшы көрсө, анда анын бетине же колуна крем, чачына маска, атыр ж.б. бериңиз.
  • Китеп - эгер апаңыз окуганды жакшы көрсө, ага көптөн бери окугусу келген китебин тартуулаңыз.
  • Шоколад -  көптөр сүйгөн таттуу белек.
  • Зер буюм - апаңызга кооз мончок, сөйкө же билерик белек кылсаңыз да болот.

СҮЙГӨН КЫЗЫҢЫЗГА КАНДАЙ БЕЛЕК БЕРСЕ БОЛОТ?

8-март күнү сүйүктүү кызыңызга анын кызыгуусуна жана каалоосуна жараша көптөгөн түрдүү белектерди тартууласаңыз болот. Мисалы:

  • Анын сүйүктүү гүлдөрүнөн гүлдесте.
  • Зер буюмдар - эгер сүйлөшкөн кызың зер буюмдарын сүйсө, ага кооз мончок, сөйкө же билерик белек кылсаң болот.
  • Эс алып кел деп SPA-салонго сертификат тартуулаңыз. 
  • Парфюм - ага жакшы көргөн атырын же өзүңүзгө жаккан бир жаңы жыт бериңиз.
  • Романтикалык кечки тамак - эки кишилик романтикалык кечки тамактануу үчүн ресторандан стол брондоп койсоңуз болот.
  • Өз колуңуздан жасалган белек - мисалы, ага арнап музыкалык чыгарма же кара сөз түрундөгү ыр жазыңыз.

Эң негизги белек -  көңүл буруу жана камкордук экенин эсиңизден чыгарбаңыз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт