// //

Китеп окуганда уйкуңуз келе береби? Анда бул 7 кеңеш сиз үчүн

2023.03.03, 16:32
1456

Китеп окуп жатканда уйкуңуз келип, оюңуз бир жерге топтолбойбу? Келгиле, бул учурда адистер кандай кеңештерди сунуштайт экенин бирге билип көрөлү. 

  1. Позаны алмаштырыңыз. Эгерде китепти жатып алып окуп жаткан болсоңуз, диванга олтуруп же столго барып окуп көрүңүз. Дененин түзүлүшүн, позаны алмаштыруу аз да болсо сергек болууга жардамын берет. 
  2. Суу ичиңиз. Китеп окуп жатканда суу ичиңиз, бул организмди суулап, сергек кылууга көмөктөшөт. 
  3. Бат-баттан тыныгуу кылыңыз. Китепти 30-40 мүнөт эс алуусуз окубаңыз. Туруп ары бери басып же физикалык көнүгүүлөрдү жасап туруңуз.
  4. Курчооңузду алмаштырыңыз. Эми бөлмөңүздөн чыгып, сырттан же үйдөгү эң жарык деген бурчка барып окуп көрүңүз. 
  5. Уктаар алдында окубаңыз. Кечинде китеп окуганда уйку басса китеп окуу маалын алмаштырыңыз. Мүмкүн эртең менен же өзүңүздү сергек сезип жатканда окууңуз. 
  6. 20-20 методун колдонуңуз. Ар 20 мүнөт сайын 20 секкунд башка бир жакты караңыз. Бул көздүн эс алуусуна жардам берет. 
  7. Аудио китеп угуңуз. Эгер китеп окуганда уйку басып, чарчап атсаңыз аудио китеп угуп көрүңүз. Бул сиздин денеңиз үчүн ыңгайлуураак болушу мүмкүн жана окуудан ырахат алууну улантууга мүмкүндүк берет.

Эгер аудио китеп укканда да уйкуңуз келсе, анда бизге жазыңыз. Анын да жолун издеп көрөбүз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт