Кулагымдан ириң агат
2018.02.19, 14:46
1131
Менин жашым 12 де, оң кулагымдан ириң агат. Дарыгерге барсак суюк дары жазып беришкен, аны куйдум бир аз жакшы болгон эле эми дагы күчөп жатат. Көп убакыт эле куйдум, дарыны куйганда бакырып ыйлап жиберем, себеби аябай оорутат. Кайсыл жактан дарылансам болот же башка дагы дарылар барбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.02.2018, 14:48
Таттыгүл Агыбаева
лор
Сенин тарсылдагың тешилип калган окшойт, текшерүү керек. Кулагыңдын ооруганынын себеби туура эмес дары тамызып жаткандан болушу ыктымал. Муну менен бирге мурдуңду жана тамагыңды көрүү керек. Эгер гайморитиң жана тамагыңда жөтөлүң бар болсо кулагың айыкпай калышы мүмкүн. Андыктан эртерээк башка дарыгерге кайрыл, өтүшүп кетсе минингитке алып келет.
0
Пайдалуу жооп