Психолог балдар качан Аяз атага ишенбей каларын айтып берди
Салам, достор! Москва Психоанализ Институтунун Педагогикалык психология бөлүмүнүн башчысы, психология илимдеринин доктору профессор Любовь Григорович балдар качан Аяз атага ишенбей каларын айтып берди.
- Салт боюнча балдар үч жаштан жети жашка чейин Аяз атага ишенишет жана бул ишеним мектепке барарда бала бакча менен кошо артта калат.
-Аяз ата балдарды тарбиялоодо жакшы жардамчы боло алат. Эң негизгиси, Аяз ата бар же жок деген ишенимди эч качан балага таңуулабаш керек. Убагы келгенде ал чындыгында жок экенин бала өзү билип алат.
- Көпчүлүк балдар Аяз атага өз алдынча эле ишене башташат жана ишенбей калышат, бул чынбы деп ата-энесинен бир ооз гана сурашат.
- Көпчүлүк адамдар үчүн Аяз ата балалык, керемет жана белектерди күтүү менен байланышкан позитив тартуулаган персонаж. Мындан тышкары, Аяз ата дагы маданий феномен, жаңылануунун символу, майрам, белек алуу мүмкүнчүлүгү. Бул жерде олуттуу эч нерсе жок.
А сиз Аяз атага канча жашка чейин ишенгенсиз?