Мен тыкыс ич кийим кием. Кийин тукумсуз болуп каламбы?
2022.09.27, 11:32
1056
Саламатсызбы! Мен тыкыс ич кийим кием. Бирок, бир жерден кийин тукумсуз болосуң деген маалыматты угуп калдым. Ушул туурабы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.09.2022, 11:34
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, уролог
Тыкыс кийим ысытат, тердетет, кычыштырат дегендей. Медициналык көз караш менен карасак, жыныс мүчөдөгү кан айланууну бузат. Ошентсе да, тыкыс шым же турсий тукумсуздуктун башкы себеби деген туура эмес. Парашют сымал кенен ич кийимди тукумсуздукту алдын алуунун жөнөкөй чарасы катары көрсө болот. Ал эми тукумсуздуктун себеби дарыгерге келип көрүнүп, текшерүүдөн өткөндөн кийин гана билинет.
0
Пайдалуу жооп