// //

Сүйүүңөр балаңарга өтүп кетпесин десеңер, бул 8 кадамды жасагыла

2022.04.22, 11:23
3276

Түгөйлөр балалуу болгондон кийин бир кездеги романтикалык мамилелерин унутуп, ата-эне ролуна баш-оту менен кирип кетишет. Мындай кылган болбойт! Анткени, ортоңордогу мамилеге көңүл бурбай жүрө берсеңер, балдарыңар чоңойюп кеткенден кийин, эмне жөнүндө сүйлөшүштү билбей, эки бейтааныш адамга айланасыңар. 

Албетте, балалуу болуу үй-бүлөңөргө олуттуу өзгөрүүлөрдү киргизет. Монотондуу кайталанма күндөр мамилеңерге жарака кетирбеш үчүн, күндөлүк режимге өзүңөрдү дагы киргизишиңер керек. Ал үчүн үйдө отура бербей, көчөгө чыгып, "свидания" кылып турушуңар керек. Баса, анан "свиданияга" балдарды алып албагыла, экөөңдөн башка эч ким болбосун. Ал эми бул адаттын пайдалуу 8 себебин төмөндөн окуңуз. 

Баса, бул жаш куракка карабастан, бардык ата-энеге тиешелүү!

Балдарды бир азга болсо дагы унутасыңар

Бул биринчи плюс. Эч ким силерге тийишпейт, тоскоолдук кылбайт, "чычам", "ичем" дебейт, экөөң гана болосуңар. "Бала уктагандан кийин деле үйдө сүйлөшүп отурса болот" деген кыйындар чыгышы мүмкүн. Ооба, антсе деле болот. Бирок кеп атмосферада болуп жатпайбы, анын үстүнө бала уктагандан кийин экөөң деле чарчап, уйкусурап каласыңар. Анын үстүнө уктап жаткан балаңызды эшиктен ит үрүп ойготуп жибериши мүмкүн. 

Экөөң жалгыз болосуңар

Бул жогорудагы пунктка окшош. Бирок бул жерде экөөң сезимдериңерди ачык айтып, сүйүүңөрдү билдирип, жай отуруп, кечеден ырахат алаласыңар. Кучакташып, өбүшүп жатсаңар чуркап кирип келе калган же ыйлап баштаган балдарыңар болбойт. Убактылуу болсо дагы, ата-эне ролунан чыгып, бир кездеги кыз-жигитке айланасыңар.

Энергия аласыңар

Коендой окшош күндөрдөн, жалаяк, ботколордон алыстап, энергия аласыңар. Кечеден чыгып алып, бир аз сейилдеп, таза абадан жутуп күч топтойсуңар. Ал эми үйдө отурсаңар баягы эле көрүнүш, баягы эле дубалдар дегендей.

Сүйүү

Бул адат бири-бириңерди жакындатат. Мисалы, кайда барабыз деп чогуу кафе же ресторан тандайсыңар, же кинотеатрдан кайсы кинону көрөбүз деп бир отуруп чечим чыгарасыңар. Бул майда нерселер ортоңордогу мамилени жакындатып, бири-бириңерге болгон камкордукту күчөтөт.  

Ачык сүйлөшөсүңөр

Көптөн бери айта албай жүргөн сырларыңарды ачык айтасыңар. Жай отуруп сүйлөшөсүңөр. Келечекке план түзөсүңөр. Кыскасы, бири-бириңерге ачыласыңар. 

Тамак ичип бүткөндөн кийин столду жыйнабайсыңар

Албетте, ушул үчүн дагы көчөгө чыгып, "свидания" кылып келсе болот. Ичип, жеп бүткөндөн кийин кайфтын баарын өлтүрүп кир идиштерди жууп, стол тазалабайсыңар. Ай, бул сонун да! 

Балаңарды сагынганга жетишесиңер

Үйдө отура берсеңер, балаңарга ачууңар гана келе бериши мүмкүн. Ал эми бир-эки саатты ал жок өткөрсөңөр, кадимкидей аны сагынып, үйгө келгенден кийин ата-энелик ролуңарга мурдагыга караганда мээримге толуп киресиңер. 

Балаңарга үлгү болосуңар

Башында балаңарды таштап кетип жаткандай сезилип, өзүңөрдү күнөөлүү сезишиңер мүмкүн. Бирок, силер ага үлгү берип жатасыңар. Ата-эненин бири-бирине болгон сүйүүсүн, өздөрү үчүн убакыт бөлүүсүн көрүп чоңойгон бала башкача болот. Андыктан, коркпогула. 

Бактылуу ата-эне, бактылуу бала!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт