Аябай кызыл
Менин бетим аябай кызыл, ысып кызарып турат. Кантип кетирсем болот?
Надира Бейшеева
косметолог
Биринчиден сен бул көйгөй менен доктурларга кайрылып көр. Мен болсо сени көрбөгөндөн кийин купероз деп ойлоп жатам. Эгер купероз болсо, анда аны мезотерапия жана лазер менен дарылайт. Купероз- бет терисинин үстүнкү катмарындагы кандын айланышында көйгөй жаралганда пайда болот.
Картошкадан дагы үй шартында маска кылып көр, кызарганын кетиргенге жардамын берет. Ал үчүн жаңы 1 даана картошканы ( кабыгы жок ) блендерден өткөрүп алып, кызарган жерлериңе 10 мүнөт убакыт коюп тур. Масканы алгандан кийин ромашка гүлүнүн демделген суусу менен ( 200грамм сууга бир аш кашык ромашканы демдеп, аны тундуруп алып ) бетти сүртүп коюу керек. Бул ыкма жардамын берет деген үмүттөмүн. Эскерте кетчү нерсе ромашкадан аллергия болушуң мүмкүн, аны да билип алуу маанилүү.