Бул белгилер байкалса, маммологго чуркап барып төшүңүздү көрсөтүңүз
Салам достор! Бүгүн биз силерге, кандай учурда маммологго баруу керектигин айтып беребиз. Эгер сизге төмөндөгү белгилердин бирөөсү тааныш болсо, кечиктирбеңиз.
Профилактикалык максатта (эч нерсе оорубаганда жана эч нерсе тынчсыздандырбаганда дагы) ар бир кыз жана аял жылына бир жолу маммологго кайрылуусу керек. Жаш курагына жана абалына жараша дарыгер УЗИ же маммографияны пландуу түрдө дайындайт.
Ал эми төмөнкү белгилер тааныш болсо, мүмкүн болушунча тезирээк маммологго кайрылышыңыз керек:
- эмчек бездеринин оорушу - этек кир цикли менен байланышкан же байланышпаган учурда дагы;
- эмчек бездеринин травмасы - гематомаларды жана олуттуу жаракаттарды айтпаганда, жөнөкөй көгала болсо дагы;
- кош бойлуулукту пландаштырууда жана ЭКОго чейин;
- төштү чоңойтуу үчүн операцияны жасатууну чечкенде эч кандай каршы көрсөтмөсү жокпу билүү үчүн;
- гормоналдык препараттарды ичүү алдында;
- эмчек эмизип жатканда.
Жалпысынан, даттануулары бар-жогуна карабай жылына бир жолудан кем эмес маммологго кайрылып туруу зарыл.
Бул, өзгөчө, генинде эмчек рагына чалдыккандар бар болгондор үчүн абдан маанилүү. Мындай учурда жылына бир жолудан кем эмес маммологго баруу керек.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Айымдар бул 5 себептин айынан заарасын кармай албай калат
Климакс тууралуу бул кызыктуу 6 факты ар бир айым билиши керек