10 жашымда байкем зордуктап койгон, ал учурда эмне экенин түшүнгөн эмесмин
Саламатсызбы. Мен азыр 17 жаштамын. 10 жашымда туугандардын балдары менен ойноп жүргөнүмдө, аталаш бир байкебиз мени зордуктап койгон. Ал учурда эмне экенин түшүнгөн да эмесмин.
Эмне кылам? Күндө ар кандай ооруларды сезип жатам. Бул тууралуу ата-энеме айта албайм.
Асель Суюнбаева
Психолог
Саламатчылык. Биринчиден, өзүңүздү күнөөлөбөңүз, мында сиздин айып жок. Эгер апаңыз сизди түшүнүп, жардам бере алаарына көзүңүз жетсе, айтканыңыз оң. Анткени ал жакын адамдарыңыздын бири.
Экинчиден, 10 жашыңызда орун алган процесс, чындап эле жыныстык катнаш болгонбу, ошону аныктоо зарыл. Ал үчүн гинекологго кайрылыңыз.
Мынтип айтып жатканымдын жөнү бар. Анткени, бир нече жыл мурун ушундай көйгөй менен 19 жаштагы кыз кайрылган, 6 жашымда 14 жаштагы агам зордуктады, деп. Сунушум менен гинекологго кайрылса, эч кандай жыныстык катнаш болбогону аныкталган. Байкуш кыз, бул оор жүктү 19 жашына чейин эч кимге айтпай көтөрүп келген.
Сиз ишенген жана сырыңызды ача алган жакын адамыңыз менен бирге доктурга кайрылгыла. Ооруларды сезип жатам дедиңиз, гинеколог ден соолугуңузга коркунуч туудура турган көйгөйлөрдүн бар жогун аныктайт. Бар болсо дарылануу жолун айтып берет.
#билесиңбиөспүрүм