// //

Келгиле, жаңы жылдык дасторкон даярдайбыз

2018.12.25, 09:32
4053

Саналуу күндөн кийин жаңы 2019-жыл кирип келет. Майрамдык дасторкон даярдоо айымдардын баш оорусу. Bilesinbi.kg кожойкелерге жардам иретинде ашкана сырларын үйрөткөн кыргызча ютуб каналдарды сунуштайт.

Mezgil kg

Биринчи, экинчи тамактын, салаттын, таттуулардын түрлөрүн жасап аппетитти ачат. Каналда 500гө жакын видео бар. Пайдалуу кеңештер айтылып, ашкана сырлары ачылат.

ТАМАКТЫ ТҮРЛӨП жасоо 

Өзгөчө мандарин формасындагы салат жаңы жылдык дасторкондун көркүн ачса керек. Салаттын рецебин каналдан көрүп алсаңыз болот. 

Каниетова Кызбурак 

Абысындар арасында билинбегени менен дастаркон жасалгалоо таймашы болот эмеспи. Апаңыздын эркеси болуп жүрүп, абысындардан артта калдыңызбы? Кызбурактан жардам алыңыз.

Aisuluu Kosmosbekova 

Оштун ашына, Нарындын беш бармагына, Таластын гүлчөтайына эмне жетсин. Айсулуунун апасы Ысык-Көлдүн кургак кесмесин майын чыгара жасайт экен. 

Асель Кулушева 

Таттуунун түрүн жасагыңыз келсе Асел айымдын каналына баш баксаңыз өкүнбөйсүз. Жаңы жылдык тортту өзүңүз деле жасап аласыз. 

Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен! 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт