Бишкектеги футбол курама командаларына кантип кирем?
2018.04.24, 13:03
1051
Мен “Баткен” футбол курама командасында оюнчу болчумун. Азыркы учурда Бишкек шаарында студентмин жана футбол командаларына кошула албай жатам. Кантип командага кошулсам болот? Футболго кызыгуум чексиз!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.04.2018, 13:06
“Алга” футбол командасы
"Алга" футбол курама командасы профессионалдык команда болуп саналат. Биздин команданын курамында профессионалдык оюнчулар ойнойт, бирок бизге жаш өспүрүмдөр дагы керек. Ошол үчүн биз дайыма жаш балдардын арасында машыгуу өткөзүп өзүбүздүн курамга алабыз, кийинки кабыл алууну жай мезгилине пландаштырдык. Эгер сиз биздин курамга кошулуп машыгууну кааласаңыз fc-alga.com баракчасынан же @mufc_alga социалдык тармактарынан маалымат алып туруңуз.
0
Пайдалуу жооп