Тамак дегенде өзүмдү токтото албай калам
19 жаштамын. Кафеде иштейм. Акыркы учурда абдан көп тамактана турган болдум. Өзүмдү токтото албай, кечке тамакты ойлойм. Бошосом эле бир нерсе жейм. Бат салмак кошуп жатам. Эмне кылсам болот?
Компулсивдик түрдө ашыкча жегендер жамаатынын анонимдик клубу
Сиз булимия-тамак-аш бузулуу оорусуна чалдыгып калган болушуңуз мүмкүн. Булимия менен ооруган адамдын мүнөздүү белгилери:
- Тамак-аш бузулуу оорусуна чалдыкканын билбейт
- Жеген нерселерин көзөмөлдөй албайт.
- Тамакты ырахаттануу менен эмес, ылгабастан, даамын татпастан механикалык түрдө жейт.
- Жесе дагы, жебей койсо дагы жаман болот.
- Тойгонун билбейт
- Дайыма кабатырлануу, тынчсыздануу абалында жүрөт.
- Тамак-аштан башканы ойлобойт. Өзүнүн жашоодогу ролун унунтат.
- Кылган аракетине шылтоо издейт.
- Башында куруп алган идеалына жетсем гана бактылуу болом деп ойлойт.
- Эч кимдин оюн укпай калат.
- Эрки жоголот.
- Өздөрүн жасалма жолдор менен кустурат
- Негизги кызыкчылыгы тамак болуп калат.
Азыр компулсивдик түрдө ашыкча жегендер жамаатынын анонимдик клубу ачылган. Интернет сайты, скайпы, байланыш телефондору бар. Жолугушуулар болуп турат. Ал жерде булимиядан айыккан адамдар, өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Көп адамдар сакайып, нормалдуу жашоого кайтып келишкен. Баары бекер. Компулсивдик түрдө ашыкча жегендер жамаатынын анонимдик клубунун байланыш жолдору:
Скайп: bigbookaaap
Шейшемби-18:00, бейшемби, ишемби, жекшемби-09:00, жума 19:00.
Бишкекте жолугушуулар: Ар жуманын бейшемби күнү саат 18:30 да, Фрунзе көчөсү 429 Б, “Достук” отели 2-кабатта болот.
Телефону: 0550 52 74 46
Инстаграм: problemeaters