Апам экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүктөр болот
Менин жашым 17 де. Кээде апам экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүктөр болуп кетет. Эмне кылсам болот?
Гүлмира Молдокулова
психолог
Мындай көрүнүш көпчүлүк эне менен кыздын ортосунда кездешет. Эне эрезеге жете элек ар бир баласы үчүн эң жакын адам болгондуктан, балдары ага таянып өсөт. Бирок бала бой жеткенде өз алдынча болууну самап, эненин камкордугунан алыстоону каалайт. Бой жетип, өз алдынча боло баштаса да эне үчүн бала дагы эле кичинкей сезилип, аны дайыма коргоого алгандыктан, пикир келишпестик туулат. Эненин дагы кыздын дагы өзүнүн оюу болот жана аны билдирүүгө акысы бар. Ал эми ошо ойду билдирүүдө туура кабыл алып, чындап ар бир ойго кызыгуу менен мамиле кылуу кажет. Ортодогу болуп өткөн таарынычтарды ачык сүйлөшүп, кечиримдүү боло билүү маанилүү. Эгер ортодогу мамиле аябай оорлошуп кетсе психологдон жардам алса болот.