Элдин сүрүнөн корком
Менин жашым 15те. Мектепте 9-класста окуйм. Кичине кезимден эле ырдаганга, бийлегенге кызыгам. Үнүмдү жакшы деп макташат. Бийге дагы шыктуумун. 9-классты бүткөндө Искусство институтуна тапшырсам деген кыялым бар. Тилекке каршы тынчымды алган бир жагдай бар. Мен сахнага же болбосо элдин алдына чыкканда абдан катуу сүрдөнүп, кызарып, ысып чыгам. Башкача айтканда элдин сүрүнөн корком. Кийин окууга тапшырганда ушунун азабынан кыйналамбы деп тынчсызданам. Кандай кылганда мен сахнага элдин алдына чыккандан коркпой калам?
Кундуз Оморова
Психолог
Ырдаганга, бийлегенге жөндөмүңүз бар болсо, атайын ийримдерге барыңыз. Ал жерден өз ишин билген жетекчилер, адистер сизди даярдап, эл алдына чыгара баштайт. Бир-эки жолу эле чыгып алсаңыз, эл алдындагы коркуу сезиминен арыла баштайсыз. Мындайча айтканда тажрыйба керек. Тажрыйба топтош үчүн өзүңүз эле сахнага чыгам деп айтып, бат-баттан чыга албайсыз. Ал эми мындай ийримдерге катышуу сиздин ачылууңузга жардам болот. Атайын концерттерге алып барышат, өзүңүз теңдүүлөр ырдап, бийлеп жатканын көрөсүз. Сизге стимул болот.