Түркияга жумушка барсамбы же жокпу?
Түркияга жумушка кетип жатам. Жумушка Ош шаарынын “Чыгыштагы лидер тил курстары” кеңсесинен жиберип жатышат. Сырттан окууга которулуп алып, кетейин деп жатам. Бирок ишеничтүүбү же жокпу коркуп турам. Барбай койсом дагы болбойт.
Легалдуубу же жокпу, лицензиясынан эле билсеңиз болот. Себеби агенттиктерге лицензия жөн эле берилип койбойт. Алардын шарттарын, жиберүүчү мамлекеттин тосуп алуучу жерлерин, банктык эсептерин карап анан лицензия тапшырылат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын астындагы маалыматтык-консультациялык борборунун http://oec.kg, миграция кызматынын http://kg.ssm.gov.kg сайттарына кирип маалымат алыңыз. Ал жакта легалдуу иштеп жаткан компаниялардын даректери бар. Ошондой эле операторлорго 189 линиясы аркылуу бекер байланышка чыгып, сурап алсаңыз дагы болот.