// //

Боюнда бар аялыма бул сөздү айтканыма катуу өкүнөм

2023.06.05, 13:36
9966

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бул сөзүм ажырашуубузга бир себеп болду. Мен муну точно билем. Бирок, менин антип айтканымды эч ким билбейт. Сыр билгизбей жүрөм. Туура эмес кылганымды жакында эле билдим. 
Төртүнчү балабыз боюнда бар эле. Экөөбүздү аячштар тушоо тойго чакырган. Балдарды таенесине таштап жөнөдүк. Аябай жаман адам экенимди азыр билип отурам.
Аялым аябай толуп кетти. Беттерин дагы сепкил басты. Буттары дагы шишип чыкты. Үч айдан кийин көз жармак. Бул кош бойлуулугу оор болду.
Аяшкалар аябай сулуу көрүндү. Баары жасанып келиптир. Меники болсо балдар менен алышып отуруп башын жууганга дагы жетишкен эмес. Жанымда жүдөө болуп турду. А мен тартынып отурдум. Акылсыздыгымды карагыла.
Жол. Жөө баратабыз.
- Жаман жүдөп кеттиң э? Беттериң да жаман болуп кетти. Мурда сулуу элең го. Жаман уялдым сенден.
Келинчегим унчуккан жок. Көздөрү заматта башкача боло түштү. Сынган адам кандай болорун ошондо көрдүм. Айтып алып ичим жаман болуп чыкты. Өкүндүм. Кур намыс кайра кечирим суроого жол бербеди. 
Ошондон кийин мамилебиз солгундады. Балабыз эки айлык кезинде ажырашып кеттик. Аялым көп сүйлөбөй деле калган. Мага болгон сыйын сезбей калдым. Кетип баратып дагы өкүнгөн жок. Апам эмне болду сурады. Унчукпады. Мен айта албадым.
Эгер мен балдарга каралашсам ал сулуу болмок. Эгер мен ага эс алууга мүмкүнчүлүк берсем ал сулуу болмок. Эгер салондорго жөнөтсөм ал сулуу болмок. Үйгө эрте келсем ал сулуу болмок. Кеп аялымда эмес, менде экен.
Өкүнөм...
 
 
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт