// //

Мени сүйгөн классташымдын аялын көрүп бир маанилүү нерсени түшүндүм

2023.06.01, 17:00
15059

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Башкалар үчүн кандай болду билбейм, а мен үчүн өкүнүч болуп калды. 20 жылдык жолугушуу. Бой көтөргөн, жакшы окуган, алдыңкы орунда отурган кыз элем. А классташ бала, жүдөө кийинген, дайым кечигип келип сабактары калтырчу. Көп бир тууган болгону үчүнбү жетишпей кир кийим кийип жүрчү беле? Бирок анын жан дүйнөсү, жүрөгү таза экенин кечээ гана билдим го чиркин. Мага деген тунук махабатын билсем да бой көтөрүп койдум.
 
Кыялданып жүрүп шаарда окуп, шаардык балага тийип, шаарда жашап калдым. Жолдошум экөөбүз бир жерде чогуу иштеп жүрүп таанышканбыз. Ал да текебер болуп чыкты. Угушума караганда сүйлөшкөн кызын апасы жактырбай мага апабыздын гана айтуусу боюнча үйлөнгөн экен. Кызы да өчөшүп чет жака учуп кеткен экен. Өзү узатып салып келгенин, коштошуп жатып шолоктоп ыйлаганын, бөлмөсүнөн чыкпай канча күн жатканын ачык эле айтып берди мага. Түшүнүп туура кабыл алдым. Бирок алтындай апабыз чын эле алтын адам. Баласына туура кеп-сөз айтыптыр: Сүйүү жок нерсе, сүйүү адамды сокур кылат, мен атаңды катуу сүйгөм. "Сен курсагымда кезинде таштап кетти, бирок сендей акылуу, иштерман, мээнеткеч баланы таптым" деп айта берет.
 
Жолугушуу үчүн апам өзү ээрчитип барып көйнөк тандап берди, чачымды да өзү жактыргандай жасаттырды. Апакем ай, баласынын көңүлү жок экенин билип турса бизге данакер болуп, жалгыз баласынан бактысын өйдө койгон аял.
 
Кечээ ошол классташ баланы аялы менен көрдүм, аялы өзүнчө куурчак. Жаш дагы экен. Тим эле сыйлап көзүн карайт. Чайына кант салып берип. Мен ошондо гана аялдык бактым жок экенин билдим. Кудай мага бардык нерсени бергени менен ушу жактан кем кылганын ошо күнү билдим. Эркектин мээрими, камкордугу кандай кымбат экенин билдим. Көзүмдөн жаш эмес, жүрөгүмдөн кан агып ыйлап отурдум. Ичим өрттөнүп отурдум.
 
Жолдошум деле жаман бала эмес, баарын камсыз кылат, табат. Бирок мага эркектик мээримин төгүп карабайт экенин билдим. Ушу группада эже сиңдилер, бир гана силерден сурап билейинчи. Ажырашууга кадам таштайынбыже жылуу уямды сактайынбы? Же классташ балама барып "кечир кадырыңды кеч билдим" дейинби?
 
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт