// //

20 жылдыкка деп кошунамдан сөйкө сурап барган күн жашоомду өзгөрттү

2023.05.29, 17:30
15553

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Колумда алтын сөйкө. Бутумда галош. Үстүмдө эски халат. Анысы дагы жукарып, жыртыла турган болуп калган. Чөнтөгүмдө карызга алган 15 миң сом бар. Корото элекмин. Анан мага бир ой келди...

Күйөөм 10 жылдан бери ичип жүрөт. Үйгө эч нерсе таап келбейт. Башында дарылатып, чуркап жүрдүм. Кайра эле ичип алчу болду. Адам өзү каалабаса оңолбойт тура. Беш баланы жалгыз багып келем. Күйөө деген гана аты болбосо...

Кара жумушта иштей берип карып кеттим. Көп ооручу да болдум. Бейтапканага жатып келсем, күйөөм ким менен жүрдүң деп катуу сабаган. Аны да кечирип коюп жашадым. 

20 жылдыкка чакыруу келди. Классташ балам алып келиптир. Күйөөм арткы фондо ызы-чуу салып жаткан. Уялганымды айтпагыла.

Элден калбайын деп курбумдан көйнөк сурадым. Анан кошунага баргам, алтын сөйкө сурап. Караңгыда келатып бир ой келди.

Кимге көрүнөм? Кимге башка адам болуп көрүнөм? Бул сөйкө, көйнөк меники эмес. Күйөөм ичет, балдар ачка. Калптан ушундай тажадым. Эл деле билет да. Кебетем бул. Ыйладым. Сөйкөнү мыкчып алып ушундай бакырып ыйладым.

Жеңилдей түштүм. Бүт бугум чыкты окшойт. Сөйкөнү, көйнөктү, карыз акчаны алып барып бердим. Болду жашоом мындан ары башкача болот. Кыйналбай жүрдүм. Баарын башынан баштайм. Жанымда балдарым гана болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт