// //

Бир күнү ойгонуп күйөөм менен сүйлөшө турган сөз калбай калганын билдим

2023.05.26, 15:22
9043

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Шок болдум. Коркуп чыктым. Ушинтип эле баары бүтүп калабы дедим. Канча аракет, канча мээнет, канча жылдар кеткен. Болдубу?

Экөөбүз тойдон таанышканбыз. Башында такыр жаккан эмес. Урушуп дагы кеткенбиз. Жилик үчүн (күлүп). Жаштардын столуна жилик алып келген. Мага эң жаманын берип жатпайбы. Ачууланып эң чоңун алып баарын каратып туруп жеп салгам. 

Кийин базардан жолуктук. Эт алып келатыптыр. Мени көрө калып баштыгын беките калды. Каткырып жибердик. Токтоно албайбыз десеңер. Сатуучулар карап туруп калды. 

Алты жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Балалуу болдук. Мен үйдө отуруп калдым. Мурда түнү менен сөзүбүз бүтчү эмес. Азыр сөзүбүз бир саатка жетпей калды. 

Ал жумуштан келет. Мен балдар, памперс, тамак-аш, чарчаганымды айтып даттанам. Ал баары жакшы болорун айтат. Болду. Тамак ичебиз, уктайбыз.

Бара-бара менде сөз калбай калды. Мен өзүмө кызыксыз боло баштадым.

Таң эрте турдум. Күйөөмдү карадым. Уктап жатат. Элестетесиңерби, бүгүн эмне деп сүйлөштү билбей калдым. Балдарды, үй жумуштарын, чарчоону ары алып салдым. Менде андан башка сөз жок экенин билдим. Ыйлап жибердим. Эмнеге мындай болду?

Мен үйдө отуруп өнүкпөй калганымды билдим. Жеке жашоом жок экенин билдим. Күйөөм алдыда, мен тээ алыста калып калганымды билдим. Болбойт дедим.

Бүгүн балдарды бала бакчадан күйөөм алып кетет. Мага жумушка келатышканын айтты. Сүйүнүп күтүп отурам. Чогуу тамактанганы барабыз. 

Жеке жашоомду биринчи орунга чыгара баштаганда баары өзгөрдү. Мен өзүмө кызыктуу адам боло баштадым. Телефонду Тик Ток көрүш үчүн эмес, билим алууга, пайдалуу маалымат окууга жумшай баштадым. Жаңы кесип үйрөндүм. Сөздөрүм кызыктуу боло баштады. Баягыдай түнү менен сүйлөшчү болдук.

Көрсө, баары өзүбүздөн башталат турбайбы. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Келин алгандан бери 20 жашка жашарган кайын эненин сыры

Эт жеш үчүн барасың деп, күйөөм тойго жибербейт

Тойдон тайкем жилигин жоготуп алып ызы-чуу салды

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт