// //

Кайын атамдын айтканын аткаргандан кийин балалуу болдук

2023.05.23, 17:54
14037

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Анарбай экөөбүз турмуш кургандан кийин алты жыл бала жытын искей албадык. Барбаган жерибиз, көрүнбөгөн доктурубуз калбады. Баары сүйлөшүп алгансып, бизде эч кандай көйгөй жок экенин айтышат.

Экөөбүз күн сайын жатаарда алакан жайып, кудайдан бала тилечүбүз.

Ал күн дале эсимде. Кирлерди жаңы эле жууп бүткөм. Күүгүм кирип калган. Короого бир машина токтоп, кайра дароо жылып кетти. Анарбай келдиби деп сыртка жөнөдүм. Дарбазанын түбүнөн коробка турганы көрүндү. Бул эмнеси?Чуркап барып эшикти ачтым. Көргөн көзүмө ишенген жокмун. Эки-үч айлык кара-тору бала уктап жатат. Эки жагымды карадым. Эч ким көрүнбөйт.

Үйгө алып кирип, кучагыма кыстым. Эне болууну канчалык каалаганымды бир кудай билет. Байкушум үшүп калыптыр. Кучактап ыйлап жибердим. Анарбай кирип келип, колумдагы баланы карап туруп калды.

“Бул кимдики?”, “Уурдап алдыңбы”, “Асел, бир нерсе десеңчи!”, күйөөмдүн суроосу бүтпөйт, же жооп бере алсамчы, шолоктоп ыйлай бердим.

Ата-энебизди чакырып болгонун төкпөй-чачпай айтып бердик. Көпкө тартыштык. “Бул да болсо кудайдын бергени. Көптөн күткөн тилегиңерди кандай жол болбосун, акыры орундатты. Эшигиңерге кирип келген бакытты кубалабагыла”, - деп, акыркы чекитти кайын атам койду. Атама ыраазымын.

Башка жакка көчүп кеттик. Уулбуздун атын Тилек койдук. Анарбай экөөбүздүн эрмегибиз эле ошол. Күлсө күлөбүз, ыйласа ыйлайбыз.

- Анарбай, бүгүн жумушуңан жооп сурап, баланы карап турчу?

- Эмне болду?

- Түнү менен көөнүм айнып чыкты, ашказаныма суук тийип калды окшойт, дарыгерге барып келейин.

- Макул. Чогуу баралыбы?

- Жок. Эшик суук, бала ооруп калат.

Уккан кулагыма ишенген жокмун. Дарыгердин кош бойлуу экенсиз деген сөзү дале жаңырып жатты. Күлөөрүмдү же ыйлаарымды билбейм.

- Эмне экен? Дары жазып бердиби?

- Жок.

- Эмнеге?

- Боюмда бар экен?

- Ыяя...

Тиктешип туруп калдык. “Чын элеби? Чын элеби?”, Анарбай мени кучактап ыйлап жатты. Көзүм мени күлүп карап отурган Тилегиме түштү.

Тилек менен Саматтын ортосу эки жыл болуп калды.

Кайын журтум Тилекке көбүрөөк тартылат. Кайын атам,  “Тилегимди ала келгиле” же “Тилегимди жөнөтүп жибергилечи” деп турат. Чындап эле аны жакшы көрбөй коюу мүмкүн эмес.

Тилегим камкор, боорукер. Үйгө киши келсе, чуркап чыгып “Саламатсызбы?”- деп учурашат. Конокко барганда, баары менен дароо тил табышып кетет. “Келиңиз жардам берейин”,-деп иш кылып жатсаң жаныңа келип калат. Тилек пайда болгондон бери үйдө бир да ызы-чуу болгон жок. 

Саматыма оюн болсо болду, курсагын тойгузуп алып, көчөгө чыгып кетет. Конокко салам бер десең качат. Аябай эрке. 

Тилекти жаңы багып алганда, айрым туугандарыбыз, “Бөрү баласы ит болбойт, баары бир силерге тартылбайт”,-деп көп айтып жүрүштү. Эч кимди уккан жокпуз. Анарбай экөөбүз болгон мээримибизди төктүк.

Үйүбүздө периште жашайт. Ал Тилек. 

 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Келин алгандан бери 20 жашка жашарган кайын эненин сыры

Эт жеш үчүн барасың деп, күйөөм тойго жибербейт

Тойдон тайкем жилигин жоготуп алып ызы-чуу салды

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт